
Бүгүн парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзам долбоору кандай оңдоолор үчүн артка кайтарылганын депутат Марлен Маматалиев түшүндүрдү. Эл өкүлү кайра иштеп чыгууга көрсөтүлгөн бөлүктөрдүн экөөнө гана макул.
Быйыл 30-июнда парламент каникулга тарап жатып экинчи жана үчүнчү окууда жаңы регламенттин мыйзам долбоорун кабыл алып кеткен. Бирок, президент Садыр Жапаров ага кол койбой долбоордун макулдашылган вариантын кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарды. Жогорку Кеңеш 1-сентябрда эс алуудан келип расмий иш баштаганы менен азырынча регламент кабыл алына элек. Анын оңдоолор үчүн артка кайтарылышына айрым пункттарда Баш мыйзамга карама-каршылыктар бар экени жүйө кылынган.
«Чын-чынына келгенде убакыт созулуп кетти. Өкмөт тараптан бир топ тартыштык болуп жатты. Кечээ күнү регламентке вета келип түштү. Эми ал жерде ушул корутунду жасаган адистер, президентке кирген адамдар кандай маселени койсо, ошондой кабыл алды. А маселени койгондо туура эмес маалыматты берген. 1-сентябрда Акылбек Жапаров силер 75 пункттан Конституцияга карама-каршы келген нерсени жазып алыпсыңар деген. Ветада 75 эмес 35 пункттан бизге сунуштарын бериптир» — дейт Мамбеталиев.
Бирок парламенттин тармактык комитети Конституцияга карама-каршы келет деп белгиленген 35 пунктту карап анын 9ун Жогорку Кеңештин ички жумушуна кийлигишүү, 7си өкмөттүн адистеринин компетентсиздүүлүгү деген чечимге келген.
Депутаттар эки гана пункттун ката жазылганына макул.
«Мурдагы регламент боюнча жазып коюптурбуз. Күч органдарында коопсуздук келишимдеринин алкагында тынчтык орнотуу күчтөрүн сыртка чыгарууга биз эмес президент сунуш бериши керек. Ага макулбуз. Фракциядан чыгуу маселесинде да бизден техникалык ката кетип калыптыр. Ушул эки пунктту биз моюнга алабыз».
Регламенттин мыйзам долбоорунда Баш мыйзам менен карама-каршылык бар деп оңдолгондорунун Марлен Мамбеталиев атап өткөндөрү төмөнкүлөр:
- 12-32-33-пункт менен Тийиштүү министрлик деп жазбай министрликтин атын жазуу сунушталган;
- 7-пунктта депутаттар катты президент же премьер министрдин атына эмес Министрлер Кабинетине жазышы керектиги айтылган;
- Жогорку Кеңеш бюджеттин отчётун 1-майда эмес, 1-октябрда кабыл алсын;
- Парламент министрлердин жоопкерчилигин карай албайт;
- Парламент Жогорку соттун жылдык маалыматын уга албаары айтылган.
Айрым депутаттар регламенттин артка кайтарылышын Жогорку Кеңештин макамын төмөндөтүү катары сыпаттап жатышат. Президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов алардын суроолоруна жооп берип жатып регламентти кайтарууда эл өкүлдөрүн басмырлоо же ички ишине аралашуу аракеттери болбогонун белгиледи.
«Президент бул мыйзамды Жогорку Кеңеште кароодо аны сунуштоону Юстиция министрлигине жүктөдү. Ал киши кайсы күнү чакырсаңыздар ошол күнү келип жооп берет. Эл шайлаган депутаттарды биз баарыбыз сыйлашыбыз керек. Ал жерде басмырлоо аракети жок» — деди Абытов.
Жогорку Кеңештин азыркы регламенти парламенттик-президенттик башкаруу убагында иштелип чыккан. Ал кезде эл өкүлдөрүнүн курамы 120 депутаттан турган. Былтыр 28-ноябрдагы шайлоодо парламент 90 депутаттан куралды. Өлкөдө жаңы баш мыйзам кабыл алынып, Кыргызстан президенттик башкарууга өткөн. Ага катар бир нече мыйзамдар алмашты. Жогорку Кеңештин регламентти да жаңы мыйзамдарга ылайык жаңыланып жатат.
Оставьте первый комментарий