Жогорку Кеңеш Баатырованы министр кызматына дайындоого макул болду

Гулнара Баатырова

Саламаттык сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин парламент бүгүн, 7-сентябрдагы отурумда көпчүлүк добуш менен колдоду. 69 депутат макул болуп, бир эл өкүлү каршы чыкты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Баатырова 23-августта министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 5-сентябрда Жогорку Кеңештин профилдик комитети анын таплапкерлигин колдоп берген.

Ачык булактарда 58 жаштагы Гүлнара Баатырова тууралуу маалыматтар аз. БШКнын сайтындагы биографиясында ал Кыргыз мамлекеттик медициналык институтту 1989-жылы аяктаганы жазылган. Кара-Суу райондук борбордук поликлиникада участкалык терапевт жана бөлүм башчысы болуп эмгектенген, кийин Кара-Суу районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директору болгон (2001-2013-жылдары).

2013-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрайымы, аны менен катар 2004-жылы Кара-Суу шаардык кеңештин депутаты, 2008–2011-жылдарда Кара-Суу шаардык кеңештин төрайымы, 2011–2021-жылдарда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү болгон. 

Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга айыпталып камакка алынган. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан мыйзамыз 1 миллиард 581 миллион 474 миң сомго вакцина сатып алган деп айыптап, жалпысынан жети кылмыш ишин козгогон.

Буга байланыштуу Бейшеналиев убактылуу министрлик кыматынан четтетилип, 19-августта бошотулуп, «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалган. Анын ордуна Жаркынбек Касымбеков министрдин милдетин аткарып жаткан.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*