
7-сентябрда AKIpress агенттигинде акыйкатчы институтунун өкүлү Нурлан Токталиев менен Болот Манясов атту жаран журналистерге атайын маалымат жыйын курду.
Анда Болот Манясов аттуу жаран 13 жаштагы небереси былтыр өзүн Тиктокер жана блогер деп атап жүргөн Алтынбек аттуу 20 жаштагы бала тарабынан бир нече ирет зордукталганын билдирди. Ал кызы көз жарып, милиция ага эч кандай көңүл бурбай жаткандыгын айтып, ИИМдин жетекчисине кайрылды.
Окуя 2021-жылдын августь айында болгон. Анда Болот Манясовдун 13 жаштагы кызы анын жакын курбусу менен шаарга барып келүүнү суранган. Ата-энесинен уруксаат алган кыз курбусу менен жолугуп, кийинчерээк өзүн блогер деп атап жүргөн Алтынбек аттуу 20 жаштагы бала менен Тик Ток тартуу үчүн жолугушканда зомбулукка кабылган. Блогер кызды интернетке чыгарып саларын айтып, коркутуп жүргөн.
«Кызым былтыр октябрь айынын аягынан баштап эле “партага отурсам ичим ооруп жатат”-деп айтты. Мен таң калып, кызымды 3- балдар ооруканасына алып барсам, “ашказаны ооруп жатыптыр”- деп даары жазып беришти. Аны 15 күндөй ичти. Дагы деле болгон жок. Сабакка бар десем кайра эле ичим ооруп атат деп келет. Анан 8-поликлиникага алып барсам, алар Жалга барып шланги жутуп, УЗИге түшүп келгиле деди. Ал жерге алып барып шланги жуткандан кийин эле УЗИге түшүрүңүз деди. УЗИге түшүрсөм эле дарыгер чыгып кызыңыздын олутту оорусу бар экен, отура туруңуз деди. Жарым сааттан кийин эле милициялар келип, “кызыңыздын боюнда бар экен”-деди. Мен таң калдым. 13 жаштагы кыз. Анан Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышты. Мен арызымды жаздым, кызым ошол жактан барын айтып берди», — дейт Манясов.
Болот Манясов Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине окуя тууралуу арыз жазган. «Бирок, окуяга шектүү катары эч ким кармалган эмес» — деп айтууда атасы. Кийинчерээк Манясов дагы бир нече ирет барганында, милиция кызматкерлери окуяны иликтөө үчүн кыздын көз жарышы керектигин, андан кийин анализ ала тургандыгын айткан.
«25-апрелде төрөдү. 13 жаштагы кыз ошондогу толготуудан өлүп калса эмне болот эле? Болгондо да бир жарым сутка толготту. Төрөдү, макул дедим. Тергөөчүгө чалсам албайт. Улам чалам, албайт бардыгы. Барсам жаңы тергөөчү болду дешти, ал да жок экен. Мен түз эле начальнигине кирип бардым. Ал мени угуп, мен териштирип берем, сарсана болбой бара бериңиз чалам деди. Бир жума күттүм жок. Эки жума күттүм дагы жок. Кайра бардым начальнигине. Отура туруңуз деди. Бир маалда бир кыз келип эле бир нерсе окуй баштады. Мен эмне деп жатат деп жубайыман сурадым. Ал “баланы анализден өткөрүү үчүн эми бир жашка чыгышы керек. Андай аппарат бизде жок болгондуктан муну Алматыга жөнөтүш керек. Ал үчүн 600 доллар керек. Бизде андай каражат жок,”- деп жатыртыр. Андан кийин прокуратурага бардым. Ал жактан начальнигине бардым. Ал “бул жакта мындай иштер көп экен. Мен жаңы болдум, нөөмөтчүгө арыз жазып койуп кете бериңиз. Өзүбуз чалабыз ”,- деди. 20 күндөй жаттым эч ким чалган жок. Кайра барсам башка прокурор экен. Ал деле Биринчи май РИИБинен уккан сөздү айткан. Андан кийин Башкы прокуратурага бардым ал жакка деле түшүнүгүмдү жазып кеттим. кире алган жокмун. Кийин кайра барсам ишти шаардык прокуратурага өткорүптүр. Ал жакка барсам жаңы тергөөчү экен. Иш менен таанышым чалам деген. Чалсам албайт. Кайра барсам баягы эле сөздөр», — деди Болот Манясов.
Атасы небересинин психологиялык абалы аябай өзгөрүп, учурда кыз ата-энеси менен бирге тураарын жана мектепке да барбай тургандыгын билдирди.
«Бул факт боюнча 2021-жылдын 23-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда жашы жете элек кыз төрөт үйлөрүнүн биринде уул төрөгөндүгү аныкталган. Милицияга жеткирилген К.А. аттуу жаран толугу менен мойнуна алган эмес. Анын тиешеси бар же жок экендигин аныктоо үчүн жаңы төрөлгөн балага аталыкты аныктоо максатында соттук — биологиялык экспертиза өтүү керек. Бирок, бала 1 жашка чыкканда гана аталыкты аныктоо болору билдирилген. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдирди Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБ басма сөз кызматынан.
Ал эми акыйкатчы институтунун өкүлү Нурлан Токталиев аталган иш боюнча аягына чейин көзөмөл кылаарын кошумчалап, «Биз учурда бул үй-бүлөгө маселени чечүү үчүн кайтарымсыз юридикалык жардам көрсөтүп жатабыз. Албетте, мен бул иштин эң акырына чейин бирге болом», — деп билдирди.
Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу.
Оставьте первый комментарий