Талас шаарынын мэри ким?

Юстиция министрлигинин сайтында 40 миңге чукул калкы бар Талас шаарынын мэри Айдарбек  Жузупбеков деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал 2017-жылдын 13-мартында шаардык кеңештин 30 депутатынын 26сынын макулдугу менен кызматка келгени жазылган.

Андан бери арадан 5 жыл өтсө да Юстиция министрлигинин сайтында шаар мэри бойдон туурат. Бирок, ал кызматтан кеткенине өткөн жылдын июнь айында кеткен.

 

Маалыматы жаңыланбаган мамлекеттик ачык булактарга ишенсек жаңылып калчудайбыз. Себеби, 2021-жылдын 10-июнунда шаар мэри кызматына буга чейин банк тармагында иштеп келген 40 жаштагы Аскар Шабданов шайланган.

Шаардык кеңештин көпчүлүк депутаттардын тагырагы 23 депутаттын сүрөөнү менен кызматка келген шаар мэри ээлик кылган компанияларга кызыгып көрдүк.

Ачык булактагы маалыматтарга таянсак, азыркы калаа башчы «ЭкоИсламикБанк», «Талас» жабык акционердик коомунун төрагасы катары көрсөтүлгөн. Бул документ 2016-жылдын 2-мартында каттоодон өткөн.

Аны менен катар калаа башчысы 2010-жылдын 2-июнунда каттоодон өткөн «Асыл Мурас» жаштар кыймылын да түптөп, ага директор катары көрсөтүлгөн.

Шаар мэри Аскар Шабданов муну менен гана токтоп калбай айыл чарба кооперативинин түптөөчүлөрүнүн бири экенин таап чыктык. 2021-жылдын 23-мартында, коммерциялык багытта түптөлгөн «Кайназар Береке» айыл чарба кооперативинде түптөөчүлөдүн бири катары көрсөтүлгөн. Анын жетекчиси Тариел Бактыбек уулу болсо, түптөөчүлөрү мэр менен кошкондо 9 кишиден тураары маалым болду.

Бирок, ал юстиция министрлигинин сайтында Талас шаарынын мэри деп жазылган эмес.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*