
Мыйзамдуулукту талап кылган жарандар Ноокат прокуратурасына нааразы болушууда. Анын бир канча себептери бар. Айрымдары соттун чечимин аткарууда көзөмөл органы чабалдык кылууда десе, кээ бирөөлөр жылдап көйгөйү чечилбегенин айтышат.
Азамат Карабаев өзүнүн укугу тебеленип, укук коргоо органдарына кайрылып жүргөнүнө бир жылдан ашты. Бул аралыкта ал Ноокат райондук прокуратурасына, Ош облустук прокуратурасына жана Башкы прокуратурага чейин кайрылып мыйзамдын иштөөсүн талап кылып келген. Карабаев мурун өзү иштеген Кызыл-Кыя цемент заводу менен соттошуп утуп алган. Бирок соттун чечимин завод жетекчилиги аткарбай жатат.

«Бизге Кызыл-Кыя шаарынын тургундары арыз менен кайрылган. Алардын айтышы боюнча, заводдон ташылып жаткан цементтер балдарга коопсуздук жаратат экен. Чоң машинелер жолдорду чаңытып, эч нерсе көрүнбөй калат. Үйгө чейин чаң кирип жатыптыр. Андан сырткары көмүр завод жайгашкан Кулатов айыл өкмөтүнүн жашоочулар да «Жылына берилген социалдык пакет бизге аз. Ошону көтөргүлө» деп арызданып келген. Ошондой эле кенге жакын жерде Жыл-Жыйын деген айылдын тургундары да «Цементтин чаңынан биз да чарчадык. Эмнеге жолдорго суу чачылбайт? Үйлөрүбүз бүт чаң болуп бүттү» деп нааразычылык билдирген. Мен элдердин ошондой көйгөлөрүн айтып турчумун. Жумуштан кетишиме ушул бирден-бир себеп болгон. Мындан тышкары салык боюнча да коррупциялык схемалар бар. Ал боюнча 2021-жылы мпен жумуштан кеткенден кийин Салык инспекциясы келип текшерген. Мамлекетке 150 млн сом зыян келтирген деп аныктап, акчасын төлөттүргөн. Бирок цемент завод ага макул болбой бүгүнкү күнгө чейин соттошуп жүрөт».
Чечим аткарылбаган соң сот аткаруучулар Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Андан да жыйынтык чыккан эмес. Мыйзамда көрсөтүлгөн беренелерге таянып прокуратура органы чечип берүүсүн талап кылган. Бирок Азамат Карабаев көзөмөл орган ишти кароодо мүчүлүштүктөрдү кетирүүдө деп эсептейт.
«Ноокат райондук сотуна «Мени жумуштан негизсиз айдады» деп кайрылгам. Алар 2021-жылдын 13-августунда «өзүнүн ордуна кайтарылсын» деген чечим чыгарган. Андан сырткары облустук соттун, Жогорку соттун чечими турат. Андан бери он ай болду. «Кыргыз түштүк цемент» заводунун директору, кытай жараны соттун чечимин аткарбай келе жатат. Ага сот аткаруучулар бир нече жолу келип талап койгон. Бирок кытайлар заводго киргизбей койгон. Кийин дагы келишкенде «биз соттун чечимин аткарбайбыз. Билгениңерди кылгыла, акт түзүп кете бергиле» деп койгон. Сот аткаруучулар акт түзүп милицияга, прокуратурага өткөрүп берген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин прокуратура менен милиция бир табакташ болуп алып, соттун чечимин аткарбай келе жатат. Ошондо соттун чечимин ким аткарат? Кимге барыш керек? Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мыйзам иштебейт. Мыйзам акчасы барларга гана иштейт. Мен «Фейсбукка» заводго байланыштуу бир нече видео чыгаргам. Биз салык төлөйбүз. Ошонун эсебинен мамлекеттик органдар айлык алып жатат. Демек, булар биздин укугубузду коргош керек. Тилекке каршы, андай болбой жатат да. Колумдагы соттордун үч чечимин эч ким аткарбай жатпайбы?»
Соттун аткарылбаган чечими

Цемент заводдун жетекчилиги маалымат берүүдөн карманып, Жогорку соттун чечимин эмне себеп менен аткарбай жатканы боюнча түшүндүрмө берген жок. Сот аткаруучулар чечим аткарылышы керектигин гана айтып чектелүүдө.
Бул иш боюнча Ноокат райондук сотунун 2021-жылдын 1-декабрындагы аткаруу барагынын негизинде Карабаев Азамат Жапаровичти жумуш ордуна кайра орноштуруу жана аргасыз ишке чыкпай калганы үчүн 460 миң сом эмгек акысын өндүрүү, 5000 сом моралдык зыян өндүрүү боюнча документи аткарууга келип түшкөн. «Кыргыз цемент» ачык акционердик коомунун башкы директоруна соттун чечимин ыктыярдуу түрдө аткаруу боюнча сунуш берилген. Ошондой эле бир канча жолу эскертүүлөр берилди. Бирок ошого карабай бүгүнкү күнгө чейин Ноокат райондук сотунун талабы аткарылбай келет. Соттун чечимин аткарбагандыктан Кылмыш жаза кодексинин 370-беренесинин негизинде юридикалык баа берүү үчүн Ноокат райондук милициясына сунуштаганбыз. Алар кылмыштын курамы жок деген негизде ишти кыскартыптыр. Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан тергөөчүнүн кылмыш ишин кыскартуу боюнча токтому бузулуп, кайра кароого жөнөтүлдү. Цемент заводго биз эки жолу келдик. Ар кандай шылтоолор менен киргизбей койду. Анан чечимди почта аркылуу жөнөткөнбүз», -дейт Ноокат райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн кызматкери Адбирайим Садиров.

Ноокат райондук прокуратурасы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин баары мыйзам чегинде деген пикирди карманууда. Бирок прокурордун орун басары Акылбек Төрөкулов Жогорку соттун чечимин аткарбаганы үчүн мыйзамда админстративтик чара көрүлө тургандыгын айтат.
«Ал адамдар өздөрү келген. Арыздары катталган жана жоопторун алган. Биз маалыматты силерге (ре-журналисттерге) түз бере албайбыз. Басма сөз катчыбыз аркылуу гана айтылат. Камера менен киргенге мүмүн эмес. Прокурор кабыл албайт».
«Соттун чечиминин үстүнөн иш-аракет жүргүзүү мүмкүн эмес»
Ушул жерде түшүнүксүз жагдай пайда болууда. Мисалы, соттун чечимин аткарбай админстративтик чараны аткаруу бир канча жоопкерге жеңилдик болушу мүмкүн. Бирок Ош облусунун прокурору Максат Асаналиев Жогорку соттун чечими аткарылышы керектигин жана ал чечимди талкуулого жана акыркы чечимдин үстүнөн кайрадан иш аракет жүргүзүү мүмкүн эместигин кошумчалады. Демек, райондун прокуратурасы Карабаевдин ишинде соттун чечими гана аткарылышы керек деген ойду билдирет.

«Соттун чечими кабыл алынып, Жогорку соттон акыркы чечимдер болгондон кийин эч нерсе кылганга мүмкүн эмес. Ошол чечим менен баары бүттү, талаш чечилди».
Ноокат райондук прокуратурасына карата айтылган сындардын арты тыйылбай келет. Биздин редакция жерине барганда наараз болгондор четтен чыкты. Район тургуну Данияр Каримов буларды айтты:
Прокурор өзү «кимге карышы чыгып жатканыңы билип атасыңбы?» деп жатпайбы. Кичине нааразы болуп, плакаттарды көтөрүп келе турган болсоң дароо кармайт. Мени мыйзамсыз деп алып кетип, төрт саат отуруп чыктым. Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылат элем. Акыйкат болуңуздар».
«Биздин адамдардын укугун телевидениелерде гана коргойт. Андан башка эч ким коргошуна ишенбей деле калдым», -дейт дагы бир тургун.
Райондордогу көзөмөл органынын ишмердүүлүгү жана коомго жасалган мамилеси акыркы учурда талкууга алынып, социалдык тармактарда да сын-пикрлер менен коштолууда. Бул сыяктуу көрүнүштөрдүн санынын өскөнү прокуратурага болгон ишеничти жок кылышы ыктымал.
Оставьте первый комментарий