Президент: 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт

Ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын өлчөмү 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Ал өлкөдө 735 миңдей пенсионер бар экенин айтып, пенсия төлөмдөрү үчүн буга чейин жылына 70 миллиард сом каралып келсе, эми бул сумма 90 миллиард сомго көбөйө турганын кошумчалаган.

«Буга чейин пенсия өлчөмү орточо 200-300 сомго көтөрүлчү. Азыр эми биз бир эле учурда жалпы өлкө боюнча пенсия өлчөмүн 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алдык. Албетте, бул идеалдуу сан эмес. Бирок бүгүнкү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша  жарандарыбыздын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардыгын жасап жатабыз», -дейт президент.

Президенттин маалыматына караганда, Министрлер кабинети пенсия өлчөмүн жогорулатуу чечимин кабыл алды.

Социалдык фонддун расмий маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө пенсиянын орточо көлөмү 6100 сом.  

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*