5-ноябрда аймактарда жана Бишкек, Ош шаарларында жергиликтүү курултай өтөт

Президенттин басма сөз кызматы 5-ноябрда өлкө аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү курултайлар өтөрүн билдирди. Мындай чечим 9-сентябрда Мамлекеттик катчы, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынган.  

Отурумга уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Анда элдик курултайды даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча негизги уюштуруу иш-чараларынын планы, аймактардан, шаарлардан, чет өлкөлөрдөгү эмгек миграттарынан, конфессиялык коомчулуктардан делегаттарды шайлоонун нускамалары бекитилди.

Биринчи элдик курултайды өткөрүү эки этапта ишке ашырылат:

  • Жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланат жана анда мандат алган делегаттардын катышуусу менен элдик курултайдын өтүүсү камсыздалат;
  • Жергиликтүү курултайларга делегаттарды шайлоону уюштуруу маселелери жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашат.

Жергиликтүү кеңеш кезексиз сессиянын чечими менен Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды чакырат.

«Жергиликликтүү курултайга делегаттарды аймактардын этностук өзгөчүлүгүн эске алуу, гендердик балансты сактоо менен шайлоо тууралуу сунуштар айтылды. Тийиштүү мекемелерге, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына протоколдук тапшырмалар берилди», -деп айтылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын 16-августунда президент Садыр Жапаров 25-ноябрда Бишкекке элдик курултайды чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Аны уюштуруу комитетинин жетекчиси болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*