ӨКМ: туруксуз аба ырайы күтүлөт

11-12-сентябрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүп, жаан чачын күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жамгыр катуу жаашы мүмкүн.

12-13-сентябрь күндөрдөгү абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°;

Таласта түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…9°га чейин төмөндөйт;

Ысык-Көлдө 4…9°, күндүзү 18…23°;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

ӨКМ мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын эскертип, сак болууга чакырат.

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*