
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 12-сентябрдагы жыйынында мас абалында, баңгизат колдонуп автоунаа башкарган же жол кырсыгы болгон жерден качып кеткендерди айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.
«Былтыр 12 миң 106 айдоочу мас абалында кармалды. Быйыл сегиз айдын ичинде 8810 айдоочу колго түштү. Алардын эч кимиси айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган эмес. Азыркы мыйзам боюнча мас айдоочуларга 17 миң сом айып салынат», -дейт Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов.
Ички иштер министрлиги бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизинүү сунуштап жатат. Анда мас абалда унаа башкаруу үчүн жаза күчөтүлүп, айрым эреже бузуулар үчүн айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу каралган. Документке ылайык, жогорку ылдамдыкта айдоо, ашып өтүү эрежелерин сактабоо, каршы тилкеге чыгуу жана мас абалында рулга отуруу үчүн катуу жаза каралат. Министрлик аталган үч эрежени бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн жарым жылдан кем эмес мөөнөткө ажыратууну сунуштоодо.
Мисалы, унааны мас абалда башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүктөн 3 жылга, ал эми унаа бейбаштыгы үчүн жарым жылга ажыратуу каралып жатат. Эгер, айдоочу алкоголдук ичимдикти ичкен же ичпегенин текшерүүдөн баш тартса, анда жаза мөөнөтү 5 жылга чейин узартылат. Айдоочу бир жылда эки же андан көп ирет төмөнкү жол эрежелерин бузса, айдоочулук күбөлүгүн алып коюу сунушталууда:
- Жол кырсыкка катышкан айдоочу окуя болгон жерден кетип калса (Эреже бузуу кодексинин 192-беренесинин 4-бөлүгү);
- Мас абалында унаа башкаруу, мас кишиге же унаа айдоого акысы жок кишиге автоунааны башкарууга берүү (193-берене);
- Айдоочулар 21-бөлүмгө кирбеген (Кыймылдын коопсуздугун, автотранспорт менен электротранспортту эксплуатациялоо эрежелерин бузгандар) эрежелерди үч же андан көп ирет бузганда Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо айдоочуну күбөлүгүнөн ажыратуу маселесин карайт.
Айдоочулук күбөлүктү алып коюу майыптыгы үчүн автоунаа башкаргандарга тиешеси жок. Бирок бул жарандар дагы мас болуп же баңгизат колдонуп рулга отурбашы керек. Ошол эле учурда кырсык болгон жерден качып кетпеши кажет.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда быйыл тогуз айда 5437 жол кырсыгы катталып, 600гө жакын адам көз жумду. Жабыркагандардын саны 8 миңден ашты. Ал эми 2010-жылдан бери өлкөдө 74 миңге жакын автокырсык болуп, андан 11 миңден ашуун киши каза таап, 109 миңден көп адам ар түрдүү жараат алган. Ушул аралыкта 16 миңден ашык кырсык балдардын катышуусу менен болгон. Бул жалпы кырсыктардын 22,1% түзөт. Андан 1 306 бала мүрт кеткен.
Оставьте первый комментарий