
Аскер прокуратурасы Улуттук гвардиянын эки кызматкерин зордуктоого шектеп кармады.
Мекеме тараткан маалыматка ылайык, жабырлануучу арыз менен кайрылып, аны 5-сентябрда таңкы саат 04:30да Бишкектин Сыдыков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде эки киши унаанын арткы отургучунда күч колдонуп зордуктаганын билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси менен кылмыш иши козголуп, Улуттук гвардиянын эки асер кызматкери кармалган. Шектүүлөр Бишкек гарнизонунун гаупвахтасына камалды. Бүгүн, 12-сентябрда Биринчи май райондук сотунда алардын бөгөт чарасы каралат.
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте зордуктоого эки аскер кызматкери шектелип жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.
Оставьте первый комментарий