
Бүгүн, Оштун Араван районунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын биринчи Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун жакындары анын жеңишин белгилешти. Бул үчүн жергиликтүүлөр райондун борборуна чогулуп салют атышты. Т-Медиа спортчунун ийгилигине арналган саамалыктан сүрөт баян даярдаган.
Махмудов 11-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан мелдеште 77 килограмм салмакта күрөшүп, Дүйнө биринчилигин жеңип алды. Ал финалда венгриялык атаандашын 8:0 эсебинде уткан. Балбандын жакын туугандары, санаалаштары аны жеңиши менен куттуктады.
«Биздин жердешибиз Дүйнө чемпиону болгонуна толкунданып, келгенче чыдай албай бүгүн салют аттырып белгилөөгө чыктык. Кудай буюрса Париждеги Олимпиадада Эйфель мунарасына Кыргызстандын желегин илебиз» — дейт балбандын жердештеринин бири.















Буга чейин грек-рим күрөшүнөн 2006-жылы Канатбек Бегалиев, 2018-2021-жылдары Жоламан Шаршенбеков күмүш байге утушкан. 1999-жылы балбан Раатбек Санатбаев, 2010-жылы Данияр Көбөнөв коло медаль тагынышкан эле. Махмудовдун жеңиши өлкөгө спорттун бул түрүнөн алгачкы дүйнө чемпиондугун алып келди.
Кыргызстанда буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн гана Айсулуу Тыныбекова эки жолу, Мээрим Жуманазарова бир жолу Дүйнө чемпиондугун жеңген.
23 жаштагы Акжол Махмудов Азиянын эки жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.
Оставьте первый комментарий