«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна сегиз айда 70 миңден ашуун кайрылуу түшкөн. Инфографика

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 8 айында 71 532 кайрылуу катталган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 2071 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган. Алардын арасынан 521 же 25, 2% жаш балдардан, 1550 же 74,8% чоң адамдардан түшкөн. 

2071 чалуунун ичинен:

Анын ичинен 1567 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилген. 202 абонентке психологиялык, 302 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй болгон:

  • социалдык жардам сурагандар – 624;
  • финансылык, гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу – 258;
  • балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 220;
  • балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 211;
  • психологиялык жабырлануудан – 198;
  • аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 92;
  • үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 84;
  • башка суроолор менен – 72;
  • аялдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 67;
  • билим берүү системасы боюнча – 51;
  • медициналык камсыздоо тууралуу – 23;
  • мектептеги рэкет тууралуу – 7;
  • суицид тууралуу – 4.

Эске салсак, аталган борбордун максаты — балдардын укуктарын коргоо, алардын ата-энелерине психологиялык жардам берүү болуп саналат. Абоненттер күнү-түнү 111 номуруна акысыз телефон чалып, кеңеш ала алышат.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*