Башкы прокуратура: Кумтөр мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирген

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерип, үч кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти.

Фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу» беренеси боюнча кылмыш иштери козголгону айтылды.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча аталган коомдун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилген.

Буга чейин Кумтөрдө каржылык мыйзам бузуулар, күйүүчү-майлоочу майлар, азык-түлүк, тетиктер базар баасынан жогору сатылып алынганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу аны жетектеп келген Теңиз Бөлтүрүк жана каржы директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан алынган болчу.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*