Ош: жетекчисин коррупцияга айыптаган милиция жумушуна кайтты

Чубак Сыргакбек уулу

Жетекчисин коррупцияга жана мыйзамсыз иштерге байланыштуу сындап, кийин кызматтан алынганын айткан Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы кызматкери Чубак Сыргабек уулу жумушуна кайтканын «Т-Медиага» билдирди. Айтымында, буйрук 6-сентябрда чыккан жана ага мекеменин жетекчиси Жеңишбек Абитов кол койгон.

«Буйрук менен 9-сентябрда тааныштым. Мурунку ээлеген Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын ыйгарым өкүлү деп, кайра эле Чек-Абад айыл аймагындагы ээлеген участкама орнотушту. Жетекчилердин үстүнөн жазган арызым Ош облустук прокуратурасында тергелип жатат. Эч кандай тосмо арыз берген жокмун. Коркутуу, басым болбой эле. Бирок ар кимди ортого салып «тосмо арыз жазып бер» деп тажатышты», -дейт Сыргабек уулу.

Ош облустук милициясынын басма сөз өкүлү Нурпери Абдуллаева да Чубак Сыргабек уулунун кызматына кайтканын тастыктады.

Эмне болгон эле?

Буга чейин милициянын ага лейтенанты Чубак Сыргакбек уулу «Фейсбук» аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Абитовдун үстүнөн арызданган. Ал жетекчисин коррупцияга, мыйзамсыз иштерге айыптап, мындай көрүнүштү айтып чыкканы үчүн кызматтан алынганын билдирген. Кайрылууда ал ички иштер органдарында 11 жыл кызмат өтөгөнүн, Абитов жетекчи болгондон кийин ачык куугунтукка кабылганын айткан.

Сыргакбек уулу кызматтан алынганына байланыштуу Ош облустук сотуна кайрылганын, аны кайра кайтаруу боюнча чечим чыкканын кошумчалаган. Бирок бир жылдан бери облустук милиция чечимди аткарган эмес.

Кийин Ички иштер министрлиги Чубак Сыргабек уулунун билдирүүсү боюнча түшүндүрмө тараткан. Анда ал 2021-жылы жайында иштен алынганы айтылат. Буга аялы менен үч жашар уулуна кол көтөргөнү негиз болгон.

ИИМдин бул билдирүүсүнөн кийин Сыргабек уулунун жубайы үн катып, маалыматты төгүндөгөн. Айтымында, Ош облустук милициясы делодогу сүрөттү таратып салган.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*