
Бакай банк 5-сентябрь күнү социалдык тармактагы баракчасында Элкарт-МИР картасына Кыргызстандын желегинин сүрөтү түшүрүлгөн видео жарнамасын жүктөдү. Бул колдонуучулар тарабынан түрдүү пикирлерди жаратты.

Биздин редакция картага желектин түшүлгөнү канчалык мыйзамдуу экенин билип көрдү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жарнак боюнча 7-беренесине ылайык, бул анык эмес жарнама деген түшүнүккө кирет. Мында мамлекеттик символдорду жарыя кылганга мүмкүн эмес.
«Бул нерсеге чектөө бар. Анык эмес жарнамаларга желекти, гербти, гимнди, эл аралык уюмдардын символдорун пайдаланууга болбойт. Эгерде кандайдыр бир уруксат болбосо мамлекеттен, бул анык эмес жарнама болот. Уруксат бар болушу мүмкүн десек да аны азыр ким берет? Маданият министрлиги бербейт да. Айып пул салынып, ал оңдолот», — дейт юрист Замир Пусуртегин.

Жарнак боюнча мыйзамдын 8- беренесинде Кыргызстандын же башка мамлекеттин мамлекеттик символдорун (желегин, гербин, гимнин), улуттук валютасын колдонуу этикага жат экени айтылган.
Биз банк менен байланыштык. Алар интервью бере алышпастыгын, кат аркылуу кайрылсак гана жооп боло турганын айтышты.
Учурда аталган банкттын сайтында Кыргызстандын желеги түшүрүлгөн карта турат.

Бакай Банк 1998-жылдын 28-декабрынан бери жеке адамдарга, чакан жана орто бизнеске жана корпоративдик кардарларга банктык кызматтарды көрсөтүп келет. Бакай – бул толугу менен кыргыз капиталы бар банк, башкача айтканда, анын бардык акционерлери Кыргызстандын жарандары.
Жыйынтык: Банктын мамлекеттик символиканы жарнама үчүн колдонгону мыйзамсыз.
«Бул материал «Фейк контроль» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен даярдалды. Макалада айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.
Оставьте первый комментарий