Депутат Баткенге бөлүнүшү керек болгон каражат которулбай жатканын билдирди. Видео

Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенден кийин жыл сайын бөлүнөт деп убадаланган 500 млн сом которула элек. Каражат облусту өнүктүрүү программасына жумшалышы керек эле. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 15-сентябрдагы жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев билдирди.

Эл өкүлү жыйында Баткендин Лейлек районуна, Сүлүктү шаарына көңүл бурулбай жатканына токтолду. Ошондой эле, облуска бөлүнүшү керек болгон 500 миллион сомдун которулбай жатканын белгиледи.

«Баткен облусунун өзгөчө статусу боюнча мыйзам кабыл алынган. Анын талаптары аткарылбай келет. Мисалы, жыл сайын 500 млн бөлүнөт деген акча, бөлүнбөй турат. Алардын жообун билем кийинки жылга бөлүнөт дейт. Алмаз Акунжанович ушул маселелерди президентке жеткире барыңыз. Аткарылбай жатыптыр, Баткен облусуна көңүл бурулбай жатыптыр деңиз»

Былтыр Жогорку Кеңеш Баткенге өзгөчө статус берүү мыйзамын колдоп берген. Анын негизинде Баткенде чек арага жакын аймактарда иштеген ишканалар жер, мүлк, пайдага жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулат. Ошондой эле, беш жылдан 10 жылга чейин киреше салыгына жеңилдик берүү каралган. Облуска жыл сайын 500 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнмөй болгон.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*