Ташиев: чек ара тынч, бирок чыңалуу бар

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч. Тынчтык орноду. Бирок, чыңалуу бар, көп. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, кечээ мамлекеттик чек аранын 5 аймагына чабуул коюлган. Алардын төртөө чек ара тозоттору, бири калк жашаган аймак Самаркандекте болгон.


«Самарканде 10 турак жай жабыркаган. 4 тургун жараат алган. Кол салуулар негизинен биздин жарандардын үйлөрүнө болгон. Бул эрежелерге жатпайт. Биз муну туура эмес кабыл алдык. А биздикилер жай тургундарга эч качан кол салган эмес, салбайт дагы. Эгер дагы ушундай болсо биз сөссүз жооп кайтарабыз. Эң негизги маселе бул жерде провокация даярдалган. Алдын ала позицияларын ээлешкен. Биз тараптан коңшуларга карата эч кандай андай пландарыбыз болгон эмес. Бул жерде аскердик эмес адамдардын биздин постторго чабуул койгондугу да байкалган. Биз алардын баарын фиксация кылдык. Башка формачан адамдардын аралашканы биринчи жолу болуп жатат. Учурда чек арада кооптуулук бар. Сакалдуу жарандардын колунда куралы бар. Алар жоголуп калганы жок. Кайсы бир жерлерде даярданып жатышы мүмкүн. Бирок, биз чек арага бир метрда бирөөнү киргизбейбиз. Учурда сүйлөшүүлөр губернаторлордун, райондук акимдердин облустук күч структуралардын негизинде болуп жатат. Биздин чек арачылар, күч структуралары баардык кырдаалдарга даяр. Биз чек арабызды сактаганга, баарыбыздын коопсуздукту толук сактап калганга күчүбүз, мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Кооптонууга негиз жок», — деген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*