51 жылдан кийин. Оштогу Бакыт үйүнүн оңдолгонго чейинки жана азыркы абалы

Ош шаарында 51 жыл мурун курулган Бакыт үйү оңдоп-түзөөдөн өттү. Жаңыланган имарат 13-сентябрда пайдаланууга берилген. Т-Медиа анын буга чейинки жана азыркы абалын салыштырып көрдү.

Бакыт үйүн оңдоого жалпы 8 миллион 500 миң сом жумшалган. Ал каражатка имараттын ички бөлмөлөрү оңдолуп, сырткы көрүнүшү жакшыртылды. Бакыт үйү жайгашкан көп кабаттуу үйдүн алдына асфальт төшөлдү.

Төмөндө сүрөттөрдү ортосундагы кызыл белги менен жылдырып, имараттын эски жана азыркы абалын көрө аласыз.

Алдыда имараттын кире беришине шлагбаум коюлат. Ошто былтыр бул имаратта 2819 жаран баш кошуп, каттоого турган. Быйыл 8 айда 1708 жуп каттоодон өттү.

Сүрөттөрдүн автору: Нурзыйнат Курманбаева (Бакыт үйүнүн оңдоого чейинки көрүнүшүнүн сүрөттөрү Ош мэриясынын «Фейсбук» баракчасынан алынды)

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*