
Саат 14.00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалуу бойдон турат. Тажик аскерлери Баткен районуна караштуу Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Чек арадагы акыркы маалыматтар:
- Баткен шаарындагы аэропорттун айланасы жана шаар четиндеги имараттар жалпы ракеталык аткылоого кабылды. Чек ара кызматынын маалыматында жарандык обьектилер талкаланганы айтылып жатат.
- Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, саат 13:00гө карата чыр-чатактан жабыркагандардын саны 31 адамга жетти. Алардын баары ооруканада, саламаттыгы тууралуу кийинчерээк маалымат берилет. Аймактагы медициналык жайлар, «Тез жардам» кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, ооруканаларда кандын запасы, дары-дармек жетиштүү.
- Чек ара кызматы кабарлагандай, Тажикстандын чек арачылары Баткендеги атышууда жай тургундарды «тирүү калкан» катары колдонуп жатат.
- Чек ара кызматынын билдиришинче, тажик тарап калк жашаган конуштарды аткылап жаткандыктан ага жооп кайтарылып жатат. Кагылыштын жүрүшүндө кыргыз чек арачылары Тажикстандын «Ляккан» жана «Богдари» чек ара бекеттерине сокку уруп, бир топ аскердик оор техникасын керектен чыгарды.
Чек арадагы соңку жаңжал
Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталды. УКМК «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп айыптаган. Анда «Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын» белгилеген.
Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүп жатканы кабарланган.
Тажикстандагы «Ховар» маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып «Дүйшөмбү» чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.
Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.
Оставьте первый комментарий