Баткенге жардам: атайын эсепке чогулган каражат 17 млн сомдон ашты

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкты колдоо үчүн ачылган эсепке 17 миллион 426 миң 626 сом каражат чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы 18-сентябрь саат 11:00гө карата билдирди.

Атайын эсеп айрым жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган. Ага ыктыярчылар акча которуп жатат. Буга чейин бир катар мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын Баткенге жардам катары котормой болгон. Жер-жерлерде жөнөкөй жарандар да жабыр тарткандарга жардам катары акча чогултуп жатат.

Ошондой эле, Бишкек, Ош шаарларында гумжардам чогултууга штабдар ачылып, күнү-түнү иштөөдө.

Чек арадагы соңку жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. УКМК тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салганын билдирген.

Анда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын белгилеген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 16-сентябрь саат 23:00дө маалымат берип, Кыргызстандын аскер кызматкерлери Тажикстандын аймагына өтпөгөнүн, алардын басып кирүүсүн кайтаруу максатында гана чабуул коюлуп жатканан айтты. Тилекке каршы, аскерлер арасында жоготуулар көп экенин билдирген.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Тажикстандын кол салуусунан 36 жаран каза болгонун маалымдады.

17-сентябрь эрте менен Чек ара кызматы түн тынч өткөнүн кабарлаган. Бирок, тажик тарап жетишилген макулдашууларга карабай саат 8:55те Баткен районунун Паски Арык аймагына ок аткан, саат 11:15те Лейлек районунун Достук айылын аткылаган.

Саат 12:30дан 12:35ке чейин Баткен районунун Төрт-Көчө аймагындагы ИИМдин ички аскерлеринин позцияларын жана бөлүктөрүн аткылашкан.

17-сентябрь саат 12:37ге карата Чоң-Алай районунун Карамык, Тешик-Таш, Кара-Дөбө айылдарын аткылаган. Кийин ок атышуулар токтотулуп, саат 18:20да кайрадан башталды. Бүгүн саат 09:00гө карата түн тынч өтуп, абал чыңалуу бойон турганы кабарланды.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*