Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыргызстанда 19-сентябрь кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болгондордун урматына улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында мамлекеттик туулар ылдый түшүрүлөт. Маданият мекемелеринде жана телерканалдарда оюн-зоок иш-чаралар жана берүүлөр токтотулат.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрдагы атышууда жалпы 36 кыргыз жараны каза болгону айтылды. Алардын басымдуусу аскер кызматкерлери.

Чек арадагы соңку жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда Булак-Башы аймагында ок атылган. Анда тажик чек арачылары мурда келишилген макулдашууну бузуп белгиленбеген тилкедеги позицияларды ээлешкен. Кыргыз тараптын чыгып кетүү талабын этибарга албай, тажик чек арачылары ок чыгарган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин ок атуу токтоп, 16-сентябрда эртең менен кайрадан башталган. УКМК тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салганын билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 16-сентябрь саат 23:00дө маалымат берип, Кыргызстандын аскер кызматкерлери Тажикстандын аймагына өтпөгөнүн, алардын басып кирүүсүн кайтаруу максатында гана чабуул коюлуп жатканан айтты.

17-сентябрь эрте менен Чек ара кызматы түн тынч өткөнүн кабарлаган. Бирок, тажик тарап жетишилген макулдашууларга карабай саат 8:55те Баткен районунун Паски Арык аймагына ок аткан, саат 11:15те Лейлек районунун Достук айылын аткылаган.

Саат 12:30дан 12:35ке чейин Баткен районунун Төрт-Көчө аймагындагы ИИМдин ички аскерлеринин позцияларын жана бөлүктөрүн аткылашкан.

17-сентябрь саат 12:37ге карата Чоң-Алай районунун Карамык, Тешик-Таш, Кара-Дөбө айылдарын аткылаган. Кийин ок атышуулар токтотулуп, саат 18:20да кайрадан башталды. Бүгүн саат 09:00гө карата түн тынч өтүп, абал чыңалуу бойдон турганы кабарланды.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*