
Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга мамлекетте каражат бар. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу аза күтүү күнүндө билдирүү жасап жатып айтты.
Мамлекет башчы бардык мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканын, кагылышууда жер которгон жарандарга жардам берип, калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.
«Кудайга шүгүр, казынабыз да куру эмес. Жоокерлерибизди жана кырдаалга байланыштуу, жер которгон элибиздин муктаждыктарын толук камсыз кылууга мамлекетибиздин күчү жетет. Мындан эки эле жыл мурда армиябызда курал жарак, ок-дары жетишсиз, атүгүл жоокерлерибизди кийген кийими да эски болсо, бүгүн андай эмес. Армиябыз барган сайын ар тараптан күчтөнүп, катылгандын катыгын берүүгө моралдык жактан да, материалдык жактан да жетилип барат. Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга да мамлекетибизде каражат бар. Арадан аз убакыт өтсө да белибиз бекемделип калды».
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, чек ара чырынан 282 объект талкаланды. Бул — алдын ала эсеп. Учурда куралдуу кагылышуудан келип чыккан чыгымдарды эсептеген комиссия ишин баштап тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Кыргызстанда бүгүн, 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү. Бул күнү өлкө аймактарында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт. Маданият мекемелери жана телерадиокомпаниялары оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотот.
Саламаттык сактоо министрлиги 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 59 адамга жеткенин билдирди. Алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. 144 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын арасында жаш балдар бар. Абалы оор бир нече кишиге Бишкекте операция жасалууда. Жаракат алгандардын 102си Бишкек менен Ош шаарындагы ооруканаларда жатат. Жети адам үйүндө дарыланууда.
Оставьте первый комментарий