Тажиктердин кол салуусунан кийинки Ак-Сайдагы абал. Сүрөт

Алдын ала эсеп боюнча Баткенде 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылышууда 364 турак жай жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда талкаланган мекемелердин санын тактоону улантууда. Т-Медианын Баткендеги кабарчысы тажик тараптын баскынчылыгына кабылган Ак-Сай айылындагы азыркы абалды сүрөткө тарткан.

ӨКМ жабыркаган объекттердин арасында мектеп, бала бакча, ФАП, администрациялык мекемелер бар экенин билдирди.

Аткыланган турак жай
Атышуу учурунда тажик тарап ээлеп алган Б.Ходжаев орто мектеби
Ак-Суу дарыясындагы тажик аскерлери жардырган 36 метрлик көпүрө

Сүрөттөрдүн автору: Аскар Баймуратов

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Тажикстан 14-16-сентябрда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы бардык аймактарында кол салууну баштаган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады.

Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Бери дегенде 185 киши жарадар болду.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1231 статья
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*