
Кыргызстандын ТИМи Тажикстандын Тышкы министринин орун басары Содик Имоминин 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча түз эфирде айткан маалыматына жооп берди. Министрлик тажик бийлигинин билдирүүсү дипломатиялык этиканын элементардык нормаларына туура келбей турганын айтты.
«Мындай жогорку деңгээлдеги дипломаттын чет мамлекеттин ички саясаты жөнүндө профессионалдуу эмес жана ойлонбой айткан жүйөлөрү, анын ичинде кандайдыр бир сегрегация саясатын жүргүзүүгө шилтеме берүүсү чындыкка жана дипломатиялык этиканын элементардык нормаларына туура келбейт. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр Кыргызстандын эгемендүү аймагын басып алуу максатында куралдуу чабуулга негиз боло албайт. Тажик тараптын дүйнөлүк коомчулукту адаштырууга болгон бардык олдоксон аракеттерине карабастан, эл аралык укуктун принциптерин жана нормаларын бузуу менен Тажикстан Кыргызстанга каршы жасаган адамгерчиликсиз куралдуу агрессиясы факты бойдон калууда.» —
деп айтылат ТИМдин жообунда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышууга байланыштуу кескин билдирүү жасап, бул окуяларды Тажикстан тарабынан биздин мамлекетке карата алдын ала пландалган куралдуу баскынчылык деп баалаган.
19-сентябрда Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми Дүйшөмбүдөгү брифинг берип чек арада 41 тажик жараны каза болгонун айткан.
Чек арадагы куралдуу жаңжал
Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган жаңжал 16-сентябрда курчуп кетти. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Ал эми Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптоодо.
Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Бери дегенде 164 киши жарадар болду. Кыргыз өкмөтү алдын-ала эсеп боюнча Баткендеги 282 объект талкаланганын билдирди.
Оставьте первый комментарий