Жапаров БУУда: Тажикстан бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады

Президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сүйлөп жатканы. Сүрөт: Султан Досалиев

20-cентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчы тажик тарап былтыр 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындады. Адам өмүрүн алган бул окуяны «масштабдуу аскердик кагылышуу» деп атап, Тажикстанды «бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады» деп айыптады.

«Ушул жылдын 14-15-16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм. Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. Жарандык жана аскердик объекттерге: үйлөргө, административдик имараттарга, мектептерге, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилди. Кандай гана болбосун материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен.Бирок өз өмүрүн аябастан Мекени үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандарыбыздын ордун толтура албайт экенсиң».

Жапаров ушуга байланыштуу тилектештик жана моралдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУнун системасына, өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар экенин белгиледи.

«Коңшубуздун мыйзамга каршы соңку аракеттеринин кесепетинен биздин ишенимибиз солгундап кеткендигин эске алып, биз сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, Европа Кызматташтык жана Коопсуздук Уюму, Жамааттык Коопсуздук Кызматташтык Уюму сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даярбыз. Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар. Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз. Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз. Кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр оз жерибизди бирөөгө бербейбиз. Биз бардык чек ара жана чарба маселелери сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши керек деп эсептейбиз», -деди Жапаров.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 17-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирген жана президент Жапаров менен жеке жолугушууга даяр экенин айткан.

Чек арадагы куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган жаңжал 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Ал эми Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптоодо.

Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Бери дегенде 200дөй киши жарадар болду. Кыргыз өкмөтү алдын-ала эсеп боюнча Баткендеги 282 объект талкаланганын билдирди.

Тажикстанда 30дай адам каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин маалымдалганы менен «Озоди» радиосу каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жоктугун жазууда.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*