Кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат

21-сентябрь саат 19.00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн 18:20дан 18:50гө чейин Баткен районундагы Достук айылынын тушунда Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылган.

Ал эми, Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына жана Достук айылында ок атылды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.

«Чек ара кызматы жарандарды социалдык түйүндөрдөгү ар кандай ушак-айың кептер менен коомчулуктун тынчын албоого чакырат» — деп айтылат маалыматта.

Чек арадагы куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган жаңжал 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Ал эми Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптоодо.

Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Бери дегенде 200дөй киши жарадар болду. Кыргыз өкмөтү алдын-ала эсеп боюнча Баткендеги 364 турак жай талкаланганын билдирди.

Тажикстанда 30дай адам каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин маалымдалганы менен «Озоди» радиосу каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жоктугун жазууда.

20-cентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, тажик тарап былтыр 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындады. 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*