
Баткен жана Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арадаларында 21-сентябрь саат 09:00го карата абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүп жатат. Бул Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өтүп, терс окуялар катталган эмес.
Кечээ УКМК чек ара аймактары жарылбай калган миналардан тазаланып жатканын билдирген. Чек ара кызматы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат.
Чек арадагы куралдуу кагылыш
Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган жаңжал 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Ал эми Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптоодо.
Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Бери дегенде 200дөй киши жарадар болду. Кыргыз өкмөтү алдын-ала эсеп боюнча Баткендеги 364 турак жай талкаланганын билдирди.
Тажикстанда 30дай адам каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин маалымдалганы менен «Озоди» радиосу каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жоктугун жазууда.
20-cентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, тажик тарап былтыр 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындады.
Оставьте первый комментарий