
Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында эл өкүлү Улугбек Ормонов Баткенде кыргыз-тажик чек арасында каза болгондорго өзүнчө наам киргизүүнү сунуштады. Депутат Эл Баатыры наамы эмгеги сиңгендер үчүн да баатырларга да берилип жатканы туура эмес экенин белгиледи.
«Биздин баатырлардын жакындарына көңүл айтам. Юридикалык бөлүмгө тапшырма берилип, тез арада мамлекеттик сыйлыктар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизсек жакшы болот эле. Чек арада мамлекеттин бүтүндүгүн карап каза болгондор үчүн өзүнчө наам киргизели. Бизде азыр Эл Баатыры деген гана наам бар. Аны эмгеги сиңгендерге да, баатырларга да ыйгарып жатабыз. Ушул мыйзамды үч окууда тез карап киргизип берсек, президентке да сыйлаганда жакшы болот» — деди Ормонов.
Расмий маалыматка ылайык, 14-17-сентябрдагы Тажикстандын кол салуусунан 59 кыргызстандык набыт болду. Бери дегенде 200дөй киши жаракат алган. Кыргыз өкмөтү алдын-ала эсеп боюнча Баткендеги 364 турак жай талкаланганын билдирди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Ал эми Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптоодо.
20-cентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, тажик тарап былтыр 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындады.
Оставьте первый комментарий