Тажикстандын кол салуусунан тозоттун фельдшери да каза болгон

14-17-сентябрдагы Тажикстандын кол салуусунан улам Баткен облусунун Ак-Татыр айылынын тургуну, 4 кыздын атасы Нургазы Мамытов каза тапты.

Маркум 15-сентябрь күнү чек арадагы Үч-Дөбө айылында кызмат милдетин аткарып жатып, тажик снайперинин огунан көз жумган. 

Жакындары билдиришкендей, ал акыркы 5 жылдан бери мамлекеттик чек ара кызматынын 20 22 аскер бөлүгүнүө  караштуу Орто-Боз чек арасынын заставасынында фельдшер болуп иштеп келген.

«Үй бүлөдө эки уул, эки кыздын эң кенжеси болчу. Артында төрт кызы калды. Эч кимге зыяны жок, жакшы жигит эле. Кокустуктан ок тийип каза болуп калды. Бизге эң эле өкүнүчтүүсү, уулу жок өтүп кетти», дейт  маркумдун бир тууганы.

Нургазы Мамытов 34 жашта болгон. Маркумдун сөөгү 16-сентябрь өзү туулуп, өскөн Баткен облусунда жерге берилди. 

Эске салсак, 16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Атышуудан 59 адам каза болду, алардын басымдуусу аскер кызматкерлери. Жараат алгандардын саны 198ге жетти.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*