Элчилик эскертет: Орусияда согуштук аракеттерге тартылган кыргызстандыктар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бүгүн, 21-сентябрда билдирүү таратып, Орусиянын аймагында куралдуу кагылышууларга тартылган кыргызстандыктар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертти.

Элчиликтен билдиришкендей, Орусиянын мамлекеттик Думасы тарабынан куралдуу күчтөрдө кызмат өтөө үчүн контракт түзгөн чет өлкөлүктөргө Орусиянын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуусун караган мыйзам актылары кабыл алынган.

Мындан улам, Кыргызстандын элчилиги Орусиянын аймагында убактылуу жашаган кыргызстандыктарды чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышса кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.

«Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда, мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Кандайдыр бир согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келип түшкөн учурда, элчилик Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө токтоосуз кайрылууну өтүнөт», — деп айтылат маалыматта.

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым жартылай мобилизация жарыялап, тийиштүү жарлыкка кол койгонун бүгүн, 21-сентябрда орусиялыктарга жолдогон кайрылуусунда билдирген.

Мобилизациялык иш-чаралар 21-сентябрда башталары, аскерге запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырылары, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрү айтылган.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*