Next TVнын  директору Таалай Дүйшенбиев шарттуу түрдө үч жылга соттолду

Бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшенбиевге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу өкүм чыгарды. Сот Дүйшенбиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарып, сот залынан бошотулду.

5-сентябрдагы соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган жана күнөөсү далилденгенин билдирген.

Ал эми Дүйшөмбиевдин адвокаттары өкүмгө макул эместигин билдирип, сөзсүз апелляциялык арыз берилерин айтышты. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети март айында Next TV телеканалын эфирден өчүрүп, жетекчиси Таалай Дүйшембиевди «улут аралык кастыкты козутту»  деген шек менен камакка алган. Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт»  деген жалган кабар таратылганын  жүйө келтирген.

Буга чейин Кыргызстандын медиа тармагы жана жарандык коомчулугу билдирүү таратып, Бийликти сөз эркиндигине кысым көрсөтпөөгө үндөгөн

Автор Максат Боронбаев 52 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*