
14-17-сентябрда тажик аскерлеринин Баткенге кол салуусунда 59 кыргыз жараны набыт болду. Алардын басымдуусу чек арага чеп болгон аскер кызматкерлери.
Т-Медиа Баткендеги атышууда көз жумган кыргыз жарандарынын өздүгүн жана сүрөтүн топтоштурду.
Чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон 59 жарандын ичинде беш жай тургундун өлүмү тастыкталды. Алардын эң жашы 15 жаштагы окуучу кыз, эң улуусу 56 жаштагы мектеп кароолчусу.

56 жаштагы Матиса Надиров тажик аскерлери Баткендеги чек арага жакын айылдарга басып киргенде тоок фермасы өрттөлүп өзү өлтүрүлгөн.

15 жаштагы Элзада Маннанова 16-сентябрда кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусу күч алганда эвакуациялангандар менен качып бара жатып каза болду.

Муктарбек Зулпукаров Баткендеги Ак-Сай айылында Ходжаев мектептебинин кароолчусу болгон. 14-17-сентябрда тажик тарап мектепти басып алып, анын өзүн жана уулу Мыктыбекти өлтүргөн.

Курбанбек Дубанаев 54 жашта. Баткендеги Ак-Сай айылына тажик аскерлери ок чыгарганда миномёттун сыныгы тийип каза тапкан. Артында жалгыз кызы калды.
Бир ӨКМ кызматкери мыкаачылык менен өлтүрүлдү

ӨКМ кызматкери Айбек Ысманов 35 жашында кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын огунан каза болду. Жакындары ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн билдирген. Ысманов Баткен районунун тургуну. Артында 3 уулу калды.
Атышууда көз жумган милиция жана аскер кызматкерлери

Айбек Абдилабеков ИИМдин кызматкери. 16-сентябрда Баткенде тажик аскерлеринин кол салуусунан 29 жашында каза болду. Маркумдун артында 3 жашар баласы калды. Баткен облусунун тургуну.

Мирлан Ниязов 35 жашында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болду. Ош облусундагы Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында туулган.

Бекмырза Шарабидин уулу 16-сентябрда Лейлекте тажикстандын кол салуусунан чек араны коргоп жатып каза болду. Ал 2016-жылдан бери УКМКга караштуу Чек ара кызматында келишимдик негизде аскер кызматкери болуп иштеп жаткан. Лейлектеги «Кулунду» чек ара бекетине которулганына эки жыл болгон. Жалал-Абаддын Ноокен районунда туулган.

Эламан Ураимов 16-сентябрда Баткендин Достук айылында чек араны коргоп жатып 28 жашында каза болду. 2015-жылы Аскер институтун аяктап, Жалал-Абадда “Скарпион” аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Баткендеги аскер бөлүгүнө которулганына 5 жыл болгон. Ураимов «Бужум» чек ара бекетинде аскер бөлүгүн жетектеп жаткан. Артында бир уул, бир кызы калды. Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну.

Бектур Ыслам уулу 31 жашында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын кол салуусунда каза болду. Ал «Лейлек автожол» көзөмөл-өткөрүү бекетинде кызмат өтөп жаткан. Артында эки баласы, кош бойлуу келинчеги калды. Ош облусунун Жапалак айылында туулган.

Дастан Анарбеков 21 жашында Баткенде чек араны тажик тараптын баскынчылык аракетинен коргоп жатып каза болду. Ал быйыл Куралдуу күчтөрүнүн аскер институтун аяктап, Баткенге кызмат өтөөгө бөлүнгөн. Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган.

Чыңгыз Акчалов 2021-жылдан тарта Баткен облусуна которулуп, чек арада кызмат өтөп жаткан. Быйыл 23 жашында кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болду. Талас облусунун Манас районунда туулган.

Мухтарбек Сулайманов 16-сентябрда Баткендин Самаркандек айылында аскердик милдетин аткарып жатып жаракат алып, ооруканада көз жумду. Ош облусунун Алай районунда туулган.

Акадил Канатбеков быйыл апрель айынан баштап Баткен чек арасында кызмат өтөп жаткан. 17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 23 жашында курман болду. Ысык-Көл районунун Жети-Өгүз районунда туулган.

Алишер Набиев чек арада келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан. Баткенде кыргыз-тажик чек арасында тажиктердин кол салуусунан 23 жашта каза болду. Баткендин Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну.

Баяман Акылбек уулу «Бөрү» атайын отрядынын аскери болгон. 17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болду. кызмат өтөп жатканда курман болду.

Амангелди Балыкчиев кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын аскерлеринин аткылоосунан курман болду. Маркум Чүй облусунун Кемин районунда акыркы сапарга узатылды. Чүй облусуна карашуу Кемин районунда туулган.

Апсамат Жекшенбеков Бишкекте аскердик окуу жайын аяктап Баткенде кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөп жаткан. Кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын кол салуусунда каза болуп, 18-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районунда жерге берилди.

Ачылбек Ташбеков 38 жашында Баткендин Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда каза болду. Ташбековдун артында 5 баласы калды. Ал Баткендеги 707-аскер бөлүгүнүн улук сержанты болуп кызмат өтөп жүргөн. Баткендин Базар-Башы кварталынын тургуну.

Баатырбек Райимкул уулу “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-фельдшери болуп кызмат өтөп жаткан. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 52 жашында каза болду. Тажикстандын мурдагы Мургаб, азыркы Сары-Кол районунда туулган.

Нурбек Баратов 19 жашында Лейлектеги «Кулунду» чек ара бекетинде кызмат өтөп жатып тажиктердин кол салуусунан каза болду.

Бекболсун Рысбек уулу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 22 жашында мерт кетти. Ал аскердик кызмат өтөөгө экинчи жолу өз ыктыяры менен барган. Октябрь айында үйүнө кайтмак. Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.

Гүлжигит Бектенов Баткендин Лейлек районунда 16-сентябрда тажиктердин кол салуусунда чек араны коргоп жатып мерт кетти. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну.

Тилек Жаныбай уулу 26 жашында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда көз жумду. Талас облусунун Бакай-Ата районунда туулган.

Жаныбек Якубов Баткендин Катта-Түз жерлигинде тажик тараптан атылган минометтун сыныгы тийип каза болгон. Лейлек районунун Маргун айылында туулган.

Нурсултан Жаныбеков быйыл 23-мартта Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөө үчүн жиберилген. 25 жашында кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда каза болду. Нарын районунда туулган.

Илимбек Мурзаев чек ара кызматынын атайын багыттагы “Бөрү” отрядынын прапорщиги болгон. Ал 27 жашында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу атышууда каза болду.

Манас Баатырбеков 27 жашында Баткендин Ак-Сай айылында тажиктердин баскынчылык аракетинде чек араны коргоп жатып каза болгон. Баткен облусунда туулаган.

Мирлан Какеев Баткендеги аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатып, 34 жашында тажик тараптын кол салуусунан курман болду.

Эрлан Турсунбаев Баткен облусундагы чек ара аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жатканда 18- каза болду. Чүй облусунда туулган.

19 жаштагы аскер кызматкери Азамат Мирзакулов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон. Ош облусунун тургуну.

Айдарбек Айбеков 19 жашта. 14-17-сентябрда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда каза болду. Баткенде кызмат өтөөгө былтыр 8-сентябрда барган. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну.

Асатбек Арыстаналы уулу 19 жашта. Баткен районундагы Чек ара кызматынын №2022 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Капчыгай чек ара заставасында өз милдетин аткарып жатып тажик тараптын кол салуусунан баатырларча курман болду. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну.

26 жаштагы улук лейтенант Бейкут Алмаз уулу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болду. Нарын районунун тургуну.

Данил Таалайбек уулу 20 жашында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу атышууда каза болду. Ал былтыр Баткенге аскер бөлүгунө алынып, акыркы кезде Ак-Сай айылында чек арада кызмат өтөп жаткан. Баткен районунун Ак-Сай айылында туулган.

Данияр Казакбаев 24 жашта. УКМКнын Чек ара кызматынын прапорщиги. Баткенде 14-17-сентябрдагы тажик тараптын кол салуусунда көз жумду. Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну.

Дурус Каныбек уулу 30 жашта. ИИМдин 707 аскердик бөлүгүнүн улук сержанты болгон. Баткенде 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болду.

Жеңиш Иманбеков 22 жашта. 2019-жылдан бери аскерде кызмат өтөп, келишимдик негизде кызматын улантып жаткан. Баткенде тажик тараптын кол салуусунан чек араны коргоп жатп каза болду. Нарын облусунун Жумгал районунда туулган.

Кулатбек Абдисамат уулу 31 жашта. Тажикстандын Кыргызстанга кол салуу учурунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ал 16-сентябрда Үч-Дөбө айылында кызмат өтүп жаткан. Баткен районунун Ак-Татыр айылында туулган

Умарбек Курманбеков 20 жашта. Баткендеги кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунда каза болду. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну.

Даниэл Малашев 24 жашта. Үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгон. Баткендеги 14-17-сентябрда болгон тажик тараптын кол салуусунда чек араны коргоп жатып курман болду.

Наркозу Мамасыдыков 21 жашта. УКМКнын «Бөрү» атайын отрядында кызмат өтөп жаткан. 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышууда көз жумган. Баткендин Кадамжай районунда туулган.

Марат Ташмырзаев «Бөрү» атайын аскер бөлүндө кызмат өтөп жаткан. 22 жашында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда көз жумду.

Махаматжан Мапаев 42 жашта. 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын минометунан жаракат алып, көз жумду. Баткен шаарында туулган.

Мыктыбек Мурзажанов 23 жашта. ИИМдин «Шумкар» атайын полкунун кызматкери. 16-сентябрда Баткенде тажик тараптын кол салуусунан каза болду.

Нургазы Боркошов 35 жашта. 16-сентябрда Баткендин Достук айылында тажик тараптын кол салуусунан чек араны коргоп жатып курман болгон. Артында эки уул, эки кыз. Баткен облусунун тургуну.

Нурислам Карыбеков 19 жашта. Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болду. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган.

Рамазан Бактияр уулу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 22 жашында курман болду. Бактияр уулу 2020-жылдан тарта Баткендеги «Достук» чек ара тозотунда келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан. Талас облусунун Манас районунда туулган.

Рашит Бердибаев 19 жашында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болду. Ал 16-сентябрда аскердик кызмат мөөнөтү аяктап, үй-бүлөсүнүн жанына кайтмак. Ош облусунун Кадамжай районунда туулган.

Санжар Анаркулов 26 жашта. Аскер Баткендин Достук айылында тажик тараптын кол салуусунан чек араны коргоп жатып көз жумду.

Нургазы Мамытов 34 жашта. Мамытов 15-сентябрда Баткенде чек арадагы Үч-Дөбө айылында кызмат өтөп жатып, тажик снайперинин огунан көз жумган. Баткен облусунун Ак-Татыр айылынын тургуну. 4 кыздын атасы.

Медет Абдумалик уулу 31 жашта. Баткенде жети жылдан бери кызмат өтөп жаткан. Лейлектин Кулунду айылынын тургуну.
Тизмеде 54 жарандын өздүгү айтылды.
Чек арадагы куралдуу кагылыш
Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган жаңжал 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Ал эми Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптоодо.
Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда бери дегенде 200дөй киши жарадар болду. Кыргыз өкмөтү алдын-ала эсеп боюнча Баткендеги 364 турак жай талкаланганын билдирди.
Тажик тараптан 41 жаран көз жумганы расмий айтылды.
20-cентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, тажик тарап былтыр 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындады.
Оставьте первый комментарий