Болот Темировдун соту 28-сентябрга жылдырылды

Сүрөт: Т-Медиа/автор: Кайыргүл Рыскулова

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча кезектеги отурум өттү. Сот өкүмү жарыяланаары айтылып жаткан, бирок отурум белгисиз себептерден улам 28-сентябрга жылдырылды.

21-сентябрда өткөн соттук процессте прокурор Болот Темировду беш жыл абакка кесүү жазасын сураган.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Болот Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровго Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражатарын, психотроптук каражаттарды жана алардын  аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгоп, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Анын алдында журналисттин Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин аты аталган. Ал эми Ташиев коррупция тууралуу дооматтарды четке каккан.

Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңги зат боюнча төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралууда.

Журналист мыйзам бузбаганын айтып, бул иштерди куугунтук деп мүнөздөп келет.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*