Кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу макулдашылды

Германияда кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча кызматташуу макулдашылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда Эмгек министрлиги Германиянын ишке орноштуруу федералдык агенттиги (ГФРДА) менен меморандумга кол койду. Ал тышкы эмгек рыногун жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Алдыда Германиянын делегациясы билим берүү жана илим министрлигинин, Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз-Герман техникалык институтунун, кыргыз-герман колдонмо информатика институтунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөөрү пландалып жатат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1440 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*