
Жогорку Кеңеш бүгүн, 22-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу маселелерди жабык карап жатат. Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышууда.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытов маселе купуя сырды камтыганына байланыштуу жабык өткөрүүнү суранды.
Чек ара кызматынын бүгүн эрте менен тараткан маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бүгүн чек ара аймактарын жарылбаган снаряддардан, миналардан жана башка жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча иштер уланмакчы.
Чек арадагы куралдуу кагылыш
Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.
Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. «Озоди» өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды.
20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолуп, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга «чыккынчылык менен кол салганын» айткан. Жапаров коңшу мамлекетке ишеним солгундап кеткенине карабай, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөргө Кыргызстан даяр экенин билдирген.
19-сентябрда Нью-Йоркто Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин да БУУнун баш катчысы менен жолуккан.
Оставьте первый комментарий