
Орусиянын паспорту менен мобилизация болсоң, Кыргызстандын паспорту менен жоопкерчиликке тартыласын. Мигранттар эмне кылат?
Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 21-сентябрда өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Ал арада Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар кылмыштык жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Орусияда жарандык алган мигранттар мобилизацияга тартылуудан чочуласа, а жарандыгы жок мигранттарга аскерге чакыруу шарты менен жеңилдетилген жарандык берүү айтылды.
Атын атагысы келбеген 25 жаштагы жигит Орусиянын жарандыгын алганына 5 жылдан ашкан. Учурда Москва шаарында жашайт. Ал жакта кызмат өтөп, аскердик билет да алган. Азырынча аскерге чакыруу келе элек.
«Жарлык кечээ чыкканын окудук. Иште жеңилдиктер болсун деп бул жактын жарандыгын алганбыз. Кызмат өтөп, аскердик билет да алгам. Азыр эми эмне кылууну деле билбей калдык. Кыргызстандын жарандыгынан да баш таркан эмеспиз, бирок кыргыз паспортум жанымда жок», — дейт ал.
Баяман Баткен облусунда туулуп өскөн. Орусиянын паспортун алганына 9 жыл болгон.
«Мага чакыруу келген жок. Келсе деле барбайм. Учурда Москвадамын, ушул жерде эле иштеп турам го деп ойлоп жатам».
«Жеңилдетилген жарандык — аскердик шартта»
Орусиянын армиясында кызмат өтөө үчүн келишим түзгөн чет өлкөлүктөргө орус жарандыгын жеңилдетилген жол менен берүүнү камсыздаган мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамдын кабыл алынышын утурлай, 20-сентябрда Москванын мэри Сергей Собянин Сахароводогу миграция борбору Коргоо министрлиги менен бирге аракеттенерин өзүнүн сайты аркылуу маалымдаган.
Ал Москва чет өлкөлүк жарандардын аскерде кызмат өтөөсүнө шарт түзүүдө, Коргоо министрлигине көмөктөшүүсүн уюштурат. Шаардык кызматтар жарандар үчүн келишим түзүүгө болушунча ыңгайлуу шарт түзүп берет турганын жазган.
Учурда Москвада иштеп жаткан кыргызстандыктын айтымында, кечээ, Москва шаарында бир гана мигранттар эмес, орусиялыктар өздөрү да дүрбөлөңгө түшүшкөн.
«Мен иштеген жердегилердин баары эле жарандыгына карабай оор үшкүрүнүп калышты. Мен Кыргызстандын эле жарандыгы менен иштеп келем. Ким эле согуштук аракеттерге катышкысы келсин. Бул абдан оор учур. Мигранттар деле жеңилдетилген жарандык беребиз десе, азгырылып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Терең анализдеп көрбөй макул болушу, же коркондуктан макул болушу да мүмкүн деп санаага батып жатабыз», — дейт өзүн Алина деп тааныштырган жаран.
Москва шаарындагы активист Азамат Адылгазиевдин айтымында, качып кеткенге аракет кылып жаткандар да жок эмес.
«Кечээ авиабилеттер пикке чыкты. 108-124 миңге чейин көтөрүлгөн. Азыр 20-25 миң болуп калды. 3 күндөн кийин кайра мурдагы баасына түшөт деген божомолдор бар. Анткени эч кимди чыгарбоо боюнча талаптар бар экени айтылып жатат. Суроо талап жок болсо кайра ордуна түшөт го дейм. Ал эми Орусиянын паспорту жок мигранттар иштеп эле жатышат. Иши жоктору гана кетишүүдө. Алар мигранттарды мажбурлай албайт го деп турабыз. Жарандык беребиз же келишимдик негизде деп алып кетиши мүмкүн», — дейт Азамат Адылгазиев.
Биздин редакция Ош шаарындагы авиа билет саткан жайларды кыдырып көрдү.
Москва-Ош авиа багытына билеттер 22-сентябрь саат 13:00гө карата 120 миңден сатылып жатканына күбө болду.
Орусиянын да Кыргызстандын да жараны болгон мигранттар эми эмне кылат?
Юрист Азизбек Ашуровдун айтымында, Орусиянын паспортун алган кыргызстандыктардын саны түрдүү булактардын маалыматы боюнча 700 миңге жетет. Ошол эле убакта алардын басымдуусу Кыргызстандын жарандыгынан баш тартпай эле экинчи жарандыкты алышкан. Буга Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашуу жол берет.
«Биздин мыйзамга кайрылсак, Кыргызстандын жаранынын башка жарандыкты алуусу Кыргызстандын жарандыгынын токтотулушуна алып келбейт. Бул жерде эки маселе жаралат. Орусия да аларды өзүнүн жараны катары таанып аларды аскер кызматына чакырууга өз мыйзадарынын негизинде укугу бар. Ошол эле учурда Кыргызстан аларды өзүнүн гана жарандары катары таанып, кыргыз жарандарына тиешелүү жоопкерчиликке тартууга укугу бар. Мисал катары ошол эле кечээки элчиликтин эскертүү кайрылуусу», — дейт Азизбек Ашуров.
Элчилик, кечээ 21-сентябрда билдирүү таратып, 256-беренени эскерткен.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексининин 256-беренесине ылайык, Кыргызстандын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, эгерде террордук актыны жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта жалдануунун же даярдыктан өтүүнүн белгилери болбосо мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Орусиянын паспорту менен мобилизация болсоң, Кыргызстандын паспорту менен жоопкерчиликке тартыласын. Мигранттар эмне кылат?
«Эки жарандуулук алып жүргөн адамдардын эки мамлекеттин жараны катары фактылык түрдө алган укуктары менен биргеликте жана милдеттери да болот. Кош жарандуулук жөнүндө мамлекеттердин арасында бул маселени жөнгө салуучу келишим болбосо анда ушундай коллизилар жаралат. Мисалы эки аскердик милдет, эки салык жана башка милдеттер», — деп кошумчалайт Ашуров.
Ошондой эле, юрист Орусияда жалаң эмгекке жарамдуу жарандардын жүргөнүн эске алуу менен бийлик бул көйгөйгө олуттуу көңүл бурушу керектигин белгилейт.
ИИМдин 2022-жылдын январь айындагы маалыматы боюнча, Орусияда 1 миллион 63 миң кыргыз жараны расмий каттоого турган. 2021-жылы 735 миң 385 чет элдик жарандык алган.
Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган.
Оставьте первый комментарий