
«Север-ЮгОйл» ЖЧКсы кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алып, бирок аны башка максаттарга жумшаган. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып, 21-сентябрда жазып чыкты.
Анда компания 2022-жылдын февраль айында Ош облусунун Чоң-Алай районуна айыл чарба техникаларын жеткирүү үчүн 1,1 миллион доллар насыя алганы айтылган. Бирок каражат акыры күйүүчү-майлоочу майлар менен соода-сатык иштерине жана жеке компанияларга жана бюджетке болгон карыздарды жабууга багытталган.
Биздин редакция аталган ЖЧК кимге тиешелүү экенин текшерип көрдү.
Ачык маалымат булактары «Север-ЮгОйлдун» кожоюну катары Тагаев Алмазбек Жээнтаевичти, директору катары Тагаев Абдибаит Зикировичти көрсөтөт. Бирок бензин саткан бул компаниянын чыныгы ээси башка.


Экс-депутаттын изи
2021-жылдын 18-январына чейин ошол кишинин атында болчу. Ал киши тек Жогорку Кеңешке депутат болгондон кийин бизнес менен алектенүүсүнө мыйзам жол бербегендиктен компаниясын инилерине каттатып койгон. Ал киши 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин депутаттык төш белги тагынган Бердиев Аккулу Тагаевич.
Аккулу Бердиевдин аталган компания менен байланышы бар экенин Жогорку Кеңешиндеги жазылган өмүр баяны да тастыктайт.
Анда экс-депутат 2004-2012-жылдары «Север-Югойл» ЖЧКсында менеджер, 2012-2020-жылдары директор катары көрсөтүлгөн.
Ал «Республика Ата-Журт» фракциясынын катарында, парламенттин отун-энергетикалык комплекси комитетине мүчө болгон. Күйүүчү майлар маселеси дал ушул комитеттин компетенциясында болгон.
Ал эми, аталган фонддон «Север-Югойл» ЖЧКсына кредиттин максаттуу пайдаланылышын ырастоо боюнча бир нече жолу суроо-талаптар жөнөтүлгөн. Бирок ишкана кредиттик келишимдин негизги шарттарынын бирин одоно бузуп, керектүү документтерди берген эмес. Ошондуктан, ички эрежелерге ылайык, фонд 2022-жылдын июль айында насыянын үстөк пайызын айып пул катары жылдык 20 пайызга чейин көтөргөн.
Ошондой эле фонд 2022-жылдын августунан ноябрь айына чейин «Север-Югойл» ЖЧКсы тарабынан берилген кредиттин бардык суммасын мөөнөтүнөн мурда толук төлөп берүүнү талап кылган.
Бүгүнкү күндө ЖЧК жогорулатылган (штраф) ставкасы боюнча төлөмдөрдү толук төлөп жатат.
Жыйынтык: Демек, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алып башка багытка иштеткен компания экс-депутаттын жакындарына катталган компания.
Оставьте первый комментарий