
Бүгүн, 22-сентябрда саат 8:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түн тынч өттү. Эч кандай окуялар катталган жок.
«Тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды басаңдатуу жана мамлекеттик чек ара сызыгынан чек араны туруктуу жайгаштыруу жерлерине кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча макулдашуулардын аткарылышын текшерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле чек ара аймактарын жарылбай калган снаряддардан, миналардан, ок-дарылардан жана башка жарылуучу объекттерден зыянсыздандыруу боюнча иштер улантылып жатканы айтылды.
Оставьте первый комментарий