ӨКМ: Баткенде алгачкы эсеп боюнча 432 турак жай өрттөлүп, талкаланган

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-17-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланып, өрттөлгөн турак-үйлөр жана социалдык мекемелердин санын тактоону улантууда.

Министрликке караштуу Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Рысбек Жолдошбаевдин айтуусунда, алдын ала эсеп боюнча 432 турак-үй, 285 мал сарай, алты мектеп жана бала бакча, эки фельдшердик жана акушердик пункт, тогуз административдик имарат, 171 жарандардын турмуш-тиричилигин камсыздоочу жайлар (соода борбор, дүкөн, мончо, унаа оңдоочу жай ж.б.) жана 26 унаа талкаланып, тонолуп, өрттөлгөн.

Баткен жана Лейлек райондорунда урандыга айланган үйлөрдү тазалоо иштери эртең, 23-сентябрда башталат. Кечээ жарылбай калып кеткен жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу иштеринде 78 снаряд табылды.

Чек арадагы куралдуу кагылыш

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын Баткенге куралдуу кол салуусунан улам 59 жаран каза тапты. Жараат алгандардын саны 200гө жакын. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. «Озоди» өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды.

20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолуп, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга «чыккынчылык менен кол салганын» айткан. Жапаров коңшу мамлекетке ишеним солгундап кеткенине карабай, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөргө Кыргызстан даяр экенин билдирген.

19-сентябрда Нью-Йоркто Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин да БУУнун баш катчысы менен жолуккан.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*