Жапаров: уулумдун суранычы менен Атамбаевдин балдарын кабыл алгам

Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда «Кабар» агенттигине маек куруп жатып мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди абактан бошотуу тууралуу суроого жооп берди. Ал экс-президенттин балдары менен жолугуп, анын соттук иши боюнча сүйлөшкөнүн билдирди.

«Сот иштери бүткүчө мен кийлигише албайм. Азыр чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чыгарууга укугум пайда болот. Кечээ жакында Рустам балам: «Ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюнузчу, суранып атышат. Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коелучу» деп, Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир. «Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсиң да» деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. Түшүндүрдүм. “Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум” дедим. Биз мамлекет катары мыйзамдардын ар бир беренесин сыйлашыбыз керек».

Ошондой эле президент кечээ жакында эле Октябрь окуясы, Калыс-Ордодогу мектеп, түрк жарандарына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча Атамбаевди сот толук актаганын кошумчалады.

«Соттор ишин так аткарып жатышат. Мисалы, кечээ жакында эле Октябрь окуясы, Калыс-Ордодогу мектеп, түрк жарандарына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча Атамбаевди сот толук актап жиберди го. Эмнеге муну көрбөйсүңөр. Соттоп жиберсе, анда дагы «саясий негизде соттоп жиберди» деп чыкмаксыңар. Актап жиберсе, бирөө дагы «адилет чечим болду» деп айтып чыккан жок. Калыс болуш керек да», -деди президент.

Атамбаевдин иши

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу айыпталып, 2020-жылы июнь айында 11 жылга соттолгон. Быйыл 15-мартта Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырган.

Мурдагы президент Октябрь окуялары боюнча, Бишкектин четиндеги «Калыс-Ордо» жаңы конушуна мектеп куруу жана мурдагы «Себат» билим берүү мекемелеринин түркиялык он демөөрчүсүнө Кыргызстандын жарандыгын берүү иштери боюнча алгач айыпталып, кийин соттун чечими менен акталган.

Азыркы тапта Атамбаев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган. Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келатат.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*