«Кыргызстан Баткенден башталат». Мектептерде чек арада курман болгондор эскерилет

Окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо үчүн мектептерде «Кыргызстан Баткенден башталат» темасында дил баяндар сынагы өткөрүлө баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Жаңы буйрукка ылайык, мектептерде кыргыз-тажик чек арасында курман болгондорду эскерүү иш-чаралары өтөт. Ошондой эле:

  • «Кыргызстан Баткенден башталат» темасында дил баяндар сынагы;
  • «Элдердин достугу өлкөнүн күчү» темасында балдар сүрөтүнүн сынагы;
  • «Достук Ритмдери» онлайн флешмобу;
  • «Ар бир үйгө тынчтык» веб-плакаттар сынагы уюштурулат.

Учурда министрлик Баткенден эвакуацияланган жарандарга убактылуу жайгашкан жерлеринде сабак өтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткенден 136 770 жаран эвакуацияланган. Алардын ичинен 113 803 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө, 4671 жаран эвакуациялык пунктарда, 4539 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Учурда 13757 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады.

Чек арадагы куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган жаңжал 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Ал эми Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптоодо.

Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда бери дегенде 200дөй киши жарадар болду. Кыргыз өкмөтү алдын-ала эсеп боюнча Баткендеги 364 турак жай талкаланганын билдирди.

Тажик тараптан 41 жаран көз жумганы расмий айтылды.

20-cентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, тажик тарап былтыр 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындады. 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*