Мирзиёев Өзбекстан газ экспортун токтотконун билдирди

22-сентябрда Ташкент облусунун тургундары менен жолуккан президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстан чет өлкөлөргө газ жана пахта экспортун токтотконун билдирди.

«Азыр биз газ да, пахта да экспорттогон жокпуз. Ал эмес газды чет өлкөлөрдөн сатып алып жатабыз. Себеби биздин өндүрүш өнүгүп жатат. Бул эки негизги товар чет өлкөгө сатылбаган күндө да экспортубуздун көлөмү 2016-жылга салыштырмалуу 5-6 эсеге өстү«, – деди президент.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин отчётунда 2022-жылдын алгачкы сегиз айында өлкө 645,9 миллион долларга газ саткан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60,9% көп. Ошол эле маалда газдын импорту 35,9% азайып, 76,2 миллион долларды түзгөн.

Буга чейин өзбек басылмалары Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын 20-июлда жарыяланган отчётуна таянып, Өзбекстан 2022-жылдын алты айында Кытайга 404 миллион долларга жаратылыш газын сатканын кабарлашкан. Кытай тараптын маалыматына караганда, бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,2 эсеге көп.

Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын отчётуна ылайык, Өзбекстан Кытайга эң көп газ саткан беш өлкөнүн катарына кирет. Биринчи орунда Кытайга алты айдын ичинде 4,5 миллиард долларга көгүлтүр отун саткан Түркмөнстан турса, андан кийин Орусия, Мьянма, Казакстан жана Өзбекстан жайгашкан.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Өзбекстан Кытайга өз газынын кеминде 10% сатууда. Ташкент өлкө ичиндеги суроо-талап өскөнүнө байланыштуу 2022-жылдын башында Кытайга газ экспортун токтотуп, бирок май айынан тарта кайра калыбына келтирген.

Быйыл 28-июнда «Узтрансгаз» мекемесинин башчысы Бехзод Норматов Өзбекстан чет өлкөлөргө газ экспорттоону 2025-2026-жылдары толук токтотушу мүмкүн экенин билдирген. Ал муну өлкө ичинде көгүлтүр отунга болгон суроо-талап өскөнү менен түшүндүргөн.

Өзбекстандын калкы жыл сайын күз-кыш мезгилдеринде газ жана электр энергиясынын тартыштыгына кабылып келет.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*