Тажик ТИМи кыргыз жаранын «этникалык тажик» деп жалган маалымат таратты. Фактчек

«Америка үнү» радиосунун аймактык кабарчысы Давронбек Насибханов «Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги мени этникалык тажик кылып көрсөтүп, саясий максатта колдонуусун каалабайм» деп социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

Давронбек Насибхоновдун билдирүүсүнөн скриншот алынды

«Тажик эмесмин, жынысым эркек»

Давронбек Насибхановдун айтымында, тажик ТИМи аны этникалык тажик «аял», «Свобода» радиосунун кыргыз кызматында иштейт» деп жазган. Бир аздан кийин министрлик бул сөздөрдү сайтынан өчүргөн. Бирок Насибханов аны скриншоттоп калган.

Давронбек Насибханов скриншоттоп алган Тажикстандын ТИМинин билдирүүсү

«Менин жынысым эркек жана «Свободанын» кыргыз кызматына тиешем жок. Мен Кыргызстандын жаранымын, улутум өзбек.  Окуя чынында  17-сентябрда Оштогу борбордук аянтта болгон. Ал өзүнчө тема. Бирок Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги мени этникалык тажик деп көрсөтүп, аны саясий максатта колдонушун каалабайм. Мени Тажикстан менен эч нерсе байланыштырбайт. Ал өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги аталган баяндаманы сайтына жарыялап, бир аздан кийин өчүрдү. Бирок скриншоту сакталып калды», -деп жазган ал.

Журналисттин сабалышы

17-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында «Америка үнү» үналгысынын кабарчысы, «Клооптун» өзбек кызматынын котормочусу Даврон Насибхановду бейтааныш кишилер сабап кетишкен. Ал Ош шаарынын борбордук аянтына Баткен эли үчүн гуманитардык жардам чогултуу акциясын чагылдырганы барган. Ал өзбек тилинде стендап жасаган. Бирок аны тажикче сүйлөп жатат деп түшүнгөн айрым адамдар уруп салышкан. Насибханов аларга журналист экенинин айтып, күбөлүгүн көрсөткөн. 

«Тажиктерге болгон куугунтук» деп…

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги дал ушул окуяны бурмалап баяндаган. 22-сентябрда саат 14:07де аталган ведомоствонун расмий сайтына Кыргызстанда тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты жүрүп жатканы тууралуу билдирүү жарыяланган. Бирок сайты Кыргызстандын аймагынан бир гана телефон аркылуу ачылат. 

Бир абзац өчүрүлгөн

Аталган билдирүү 13 абзацтан турат. Ал эми Давронбек Насибханов скриншоттоп үлгүргөн билдирүүдө 14 абзац бар. Демек, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бешинчи абзацта жайгашкан Насибханов тууралуу сөздөрдү алып салган.

Давронбек Насибханов – кыргыз жараны, улуту өзбек. Бул маалыматты ал биздин редакцияга өзү тастыктады. 

Давронбек Насибхоновдун паспорту

«Кечээ кечки саат төрттөр чамасында бир досум «Тажикстандын тышкы иштер министрлиги сен жөнүндө жазып жатат окшойт» деп жөнөттү. Анан анын скриншотун тартып алып, бул тууралуу пост жазайын дедим. Пост жазган соң карасам, мен жөнүндө маалыматтар өчүрүлгөн экен. Бирок  сайттын кэшинде бул маалымат бар. Бирок башка жерлерде өчүрүлгөн. Менин фамилиям боюнча да түшүнбөстүк болуп жатат. Мен ыр, блогдорду жазам. Ошондуктан «Даврон Хотам» деген каймана атты колдоном. Социалдык тармактарга да ушул ат менен кирем. А паспорттогу толук аты-жөнүм Даврон Насибханов», -дейт ал. 

«Ата-бабаларымдын баары кыргызстандык»

Насибханов 1981-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-бука районундагы Сафед Булан айылында төрөлгөнүн маалымдады. «Мен билген, уккан ата-бабаларымдын баары кыргызстандык. Биз Кыргызстанданбыз. Кимдир качандыр Өзбекстандан Кыргызстанга келген деп ойлосок да, мен аларды билбейм… мындан канча кылым мурун болсо керек», — деди ал. 

22-сентябрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматын четке кагып, Даврон Насибхановдун «Азаттык» радиосунда иштебей турганын билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да Тажикстандын тажик жарандарына жана этникалык тажиктерге куугунтук болуп жатканы боюнча билдирүүсүн төгүндөдү.  

Кезектеги калп

Эске салсак, буга чейин Тажикстандын Тышкы иштер министри Содик Имоми кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча брифинг өткөргөн. Bulak.kg редакциясынын журналисттери анын сүйлөгөн сөзүндө бир нече жалган маалымат жана манипулция болгонун аныкташкан. Мындан тышкары журналисттер Тажикстандын расмий бийлигинин, ЖМКларынын жана соцтармактардын колдонуучуларынын бир нече фейк маалыматын төгүндөгөн. 

Жыйынтык: жалган. Тажикстандын тышкы иштер министрлиги кыргызстандык журналист Давронбек Насибханов тууралуу жалган маалымат тараткан. Ушуну менен расмий бийлик бир нече ирет калп айтты. 

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*