
Баткендеги «Тамдык» тозоту толугу менен кыргызстандын аскер кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кызматка Тажикстандын жарандарынын «Тамдык» чек ара заставасынын аймагында жүргөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Натыйжада тиешелүү чаралар көрүлүп, тажикстандыктар заставанын аймагынан чыгарылган.
«Кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуу учурунда тажик тарап Баткен чек ара отрядынын “Тамдык” чек ара заставасын артиллериялык куралдардан аткылаган. Үстөмдүк кылуучу күчтөр менен заставага кол салган. Чек ара заставасынын башчысы өз өмүрүн кыйып, өздүк курамына үстөмдүк кылган бийиктикке чыгууга, душмандын тең эмес күчтөрү менен салгылашып, андан соң маневр жасоого мүмкүнчүлүк берген. Массалык аткылоонун натыйжасына заставанын бардык инфраструктурасы талкаланган. Учурдан пайдаланып тажик тарап заставанын аймагын тазалоого аракет кылган», — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда чек ара заставанын аймагы Баткен багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн аппаратынын көзөмөлүндө. Алар мамлекеттик чек аранын бул тилкесиндеги абалды такай көзөмөлдөп жатканы айтылды.
Оставьте первый комментарий