Кыргыз жана тажик тышкы иштер министрлери Нью-Йоркто жолукту

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер минстрлери БУУнун башкы катчысынын орун басары менен Нью-Йоркто жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланган. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен тажик ТИМи Сирожиддин Мухриддин маселени мындан ары тынч жол менен чечүүгө даяр экенин билдиришкен.

Алар кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кагылыштан кийин 19-сентябрда кабыл алынган протоколдун алкагындагы макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн айтышкан.

Чек арадагы куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган жаңжал 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Ал эми Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптоодо.

Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда бери дегенде 200дөй киши жарадар болду. Кыргыз өкмөтү алдын-ала эсеп боюнча Баткендеги 364 турак жай талкаланганын билдирди.

Тажик аскерлеринин Баткенге кол салуусунда 59 кыргыз жараны набыт болду. Алардын басымдуусу чек арага чеп болгон аскер кызматкерлери.

Тажик тараптан 41 жаран көз жумганы расмий айтылды.

20-cентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, тажик тарап былтыр 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындады. 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1231 статья
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*