Танк ичинде тирүүлөй күйүп кеткен. Үч аскер «Ата Бейитте» жерге берилди

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам, танк ичинде тирүүлөй өрттөлгөн үч аскер Бишкектеги “Ата-Бейит” комплексинде жерге берилди.

Алар УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери, танк экпиажынын мүчөлөрү Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаңыбай уулу Тилек болгон. Аскерлердин күйүп кеткен сөөктөрүн аныктоого медициналык экспертиза жасалган.

Маркумдарды жерге берүү зыйнатында, чек арада курман болгон башка аскерлер да эскерилип митинг-реквием өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Биз жалпы кыргыз журтчулугу үчүн мааниси терең, Кыргызстанга расмий иш сапарлар менен келген чет өлкөлөрдүн жетекчилери келип урмат кылып, баш ийе турган Ата-Бейитке Баткен чегин коргоп жатып курман болгон баатырларыбызга арнап эстелик-монумент тургузабыз. Бул монументке чек арабызды коргоп жатып курман болгон жоокерлерибиздин бардыгынын ысымдары киргизилет. Ар жылы келип, мамлекет түптөгөн ата-бабаларыбызга, эгемендик үчүн, Мекен чеги үчүн курман болгон жоокерлерибизге таазим кылып, эскерип турабыз. Аларга баатырлар деген наам ыйгарылат»

деген Жапаров.

Чек арадагы куралдуу кагылыш

Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжал 14-сентябрда Булак-Башы чек ара заставасында башталган. Ошол эле күнү 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгон.

Жаңжал 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Ал эми Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптоодо.

Тажик аскерлеринин Баткенге кол салуусунда 62 кыргыз жараны набыт болду. Алардын басымдуусу чек арага чеп болгон аскер кызматкерлери.

Тажик тараптан 41 жаран көз жумганы расмий айтылды.

20-cентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, тажик тарап былтыр 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындады. 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1231 статья
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*