
Адамдарды чет өлкөлөргө сексуалдык кулчулукка сатуу менен алектенген топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу 28-сентябрда мекеменин басма сөз өкүлү Адинай Шаршеева билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга белгисиз бир жаран жогорку маяна алуучу жумушка орноштуруу шылтоосу менен жаш кызды Түркияга жибергендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кийин чет өлкөгө чыккан жаран адам сатуунун курмандыгы болуп, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгону такталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси «Адамдарды соодалоо» боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адам Чүй облусунун 31 жаштагы тургуну экендиги аныкталды. Ал дагы бир кызды алдап, чет өлкөгө жөнөтүүгө аракет кылып жатканы белгилүү болгон.
Соттун чечими менен кармалган жаран камакка тергөө абагына камалды. Азыркы учурда адамдарды сатуу фактысы боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Оставьте первый комментарий