Кемпир-Абад. ОшТВнын сюжетиндеги маалымат бурмаланганбы?

Бүгүн, 28-сентябрда Кемпир-Абаддагы 5737 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүүгө кол коюлду, бул тууралуу ОшТВ телеканалы билдирди деген маалымат соцтармакта активдүү тарады. Жергиликтүү телеканалда мындай жыңылык чыкканын депутат Адахан Мадумаров да Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйында айтты.

Т-Медиа маалыматты текшерип көрдү. 

Соцтармак колдонуучулары бул маалыматты бөлүшүп, элди ага каршы чыгууга чакырган. Айрымдары ОшТВ телеканалынан суу сактагыч Өзбекстанга 36-протокол боюнча өткөнү айтылганын жазып чыкты. 

Ушул эле сөздөргө таянып депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында «Кемпир-Абад Өзбекстанга өткөнү айтылып, эл нааразы болуп жатат» деп билдирди. Бирок эл өкүлү сөзүндө эч кандай расмий маалыматка таянган жок. 

Мадумаровдун сөзү: 

«Облустук телекомпаниядан «Кемпир-Абад» суу сактагычы Өзбекстанга өткөнүн айтты деп жатышат. Биз беш айыл өкмөттүн жашоочулары менен жолукмайынча, бул маселени токтотуп тургула деп сунуш кылганбыз. Бирок жең ичинен барып кол коюп, аны теледен айтып жибергени өлкөдө ызы-чуу жаратып жатат».

Телеканалда Кемпир-Абад суу сактагычы 5737 гектар жери менен Өзбекстанга өткөнү айтылганбы?

Соцтармакта жайылтылып жаткан сюжет ОшТВ телеканалынын 27-сентябрдагы «Жаңылыктар» маалымат программасында чыккан.

Ал кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен кеңешмесинин протоколуна кол коюлганы тууралуу жасалган. 

Сюжеттин башындагы кадрда Кыргызстан менен Өзбекстан 36-протоколго кол коюп жатканы айтылган. Бирок материалда Кемпир-Абад суу сактагычы ушул жаңы келишилген протокол менен Өзбекстанга өткөнү тууралуу маалымат жок. Сюжеттин соңунда архивтик маалымат айтылып жатып былтыр кол коюлган 34- протокол тууралуу сөз болгон. 

Сюжеттин чууга түшкөн бөлүгүнүн тексти төмөнкүдөй:

Эки тарапты бөлүп турган Кемпир-Абад суу сактагычы болжол менен 5737 гектар. Суу сактагычтын 1300 гектары жаңы келишимдин негизинде мамлекетке өткөн. 4100 гектарын коңшу өлкө 1973-жылдары компенсация катары берген. Суу сактагычка жакын айылдарды ным тарткандыктан суунун көлөмүн төмөндөтүү талабы коюлган. Сууну кыргызстандыктар толук пайдаланып эч бир чектөө коюлбашы айтылды. Кемпир-Абад суу сактагычынын эсебинен Жалал-Абад жана Наманган облустары чектешкен жердеги Гавасай деген тилкеден 8 миң гектар жер Кыргызстанга өткөн. 

Телеканалдын директору да соцтармакта жайылган маалыматты төгүндөдү. 

Расмий маалыматта жаңы кол коюлган протокол ачыкталган жок

Жаңы кол коюлган келишимдер тууралуу расмий маалыматтарда бул жолу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк бере турган протоколго кол коюлганы айтылган. 

Эки тарап чек аралардын жаңы тилкелерин тактаганы боюнча кабарланган эмес. 

Былтыр кол коюлган 34-протокол

2021-жылы 24-25-мартта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев  Ташкентке барып эки өлкөнүн делимитация жана деморкация боюнча сүйлөшүүлөрүнө катышып келген. Андан соң 23-апрелде журналисттерге маалымат жыйын берип, ошол кезде кол коюлган 34-протокол менен тааныштырган. 

Ал протокол боюнча Кемпир-Абад суу сактагычында суунун көлөмүн азайтуу келишилген. Суу тартылгандан кийин суу сактагычтагы 5737 гектар жердин 4400 гектары суу түбүндө калат. Калган 1300 гектары Кыргызстанга өтөт. Кемпир-Абаддын суу түбүндө калган тилкеси Өзбекстандын карамагында болуп, суусун эки тарап эркин колдоноору айтылган. Себеби бул тилкенин 4100 гектары 1973-жылы Кыргызстанга компенсация катары берилген. 4400 гектар коңшу өлкөнүн көзөмөлүндө калгандан кийин дагы 300 гектарды толуктоо үчүн Өзбекстан Кыргызстанга Андижандан 1000 гектар жер бөлөөрү белгилүү болгон. 

Жыйынтык: ОшТВ телеканалында жаңы кол коюлган 36-протокол боюнча Кемпир-Абад 5737 гектар жери менен Өзбекстанга өттү деген маалымат айтылган эмес. 

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1345 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*