JUKI компаниясы 520 тигүүчү машина белекке берип жатабы? Текшеребиз

JUKI компаниясы деген фейсбук баракча 27-сентябрь күнү пост жарыялаган. Анда 520 тигүүчү машина белекке бериле турганы жазылган. Ушундай эле маалымат фейсбуктагы E-Bike аталышындагы аккаунтта да пайда болду. Анда ал 670 велосипед белекке бере турганын жана аны алуу шарттарын жазган.

Ага ылайык, эки постто тең аткаруу шарттары окшош. Колдонуучулар маалыматты «бүттү» деген сөз менен 8 группага бөлүшүшү керек.

Бул аткарылгандан кийин, баарын текшерүү үчүн 48 саат талап кылына турганы айтылган.

Комментарийге колдонуучулардын көпчүлүк бөлүгү ишеним артып шарттарын аткарганын, ал эми кээ бири бул жалган, шылуундук экенин жазышкан.  

Биздин редакция бул маалыматты текшерип көрдү.

Аталган аккаунтагы постту 2100 адам бөлүшүп, 4000 адам комментарий  калтырса 571 адам жактырган. Аккаунт 2022-жылдын 26-сентябрында ачылганын көрүүгө болот. 

Биз шарттарын аткарып көрдүк. Алгач «бүттү» деген комментарий калтырып, 8 группага бөлүштүк. Экинчи шартты да аткарган соң 24 сааттан кийин жооп келе турганы айтылды. 

Бирок 24 сааттан соң эч кандай жооп келген жок. 

JUKI компаниясы 1938-жылы негизделип, 180 өлкөдө иш алып барат. Аталган компания өзүнүн расмий сайты аркылуу фейсбукта тарап жаткан маалыматтарды төгүндөдү.

«Фабрикалык имараттардын фотосу бар баракчаларда биздин компаниянын логотибине абдан окшош белгилерди колдонуп, расмий аккаунттар катары жамынган билдирүүлөрдү жайгаштырган. Мунун бизге эч кандай тиешеси жок», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин да ушул сыяктуу шилтемелер тиркемелерде тарап келген. Алардын арасынан  Factcheck.kg сайты Аdidas, Аmazon, Disney, Coca-Cola , Газпром, «Белая река»  жана башка компаниялардын да ушул сыяктуу «акцияларын» текшерип чыккан. Алардын дээрлик баары окшош. Жыйынтыгында бул шылуундардын гана иши экенин белгилүү болгон.

Жыйынтык: JUKI компаниясы белек берген жок.

Автор: Аймээрим Дарбанбек кызы

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*