Алмазбек Бейшеналиев Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу 29-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Адинай Шаршеева билдирди.

«Азыркы учурда чет өлкөлүк студенттерди атамекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенүүдө. Ал ар тараптуу, дыкаат жана акыйкат иликтенип, баардык жагдайлар тастыкталууда. Кармалган министрдин баш коргоо чарасы жакынкы күндөрдө сот органдары тарабынан аныкталат», -деп билдирди Шаршеева.

Бейшеналиевдин кармалышы

Ички иштер министрлиги 28-сентябрда түнү Алмазбек Бейшеналиев пара алууга шектелип кармалганын билдирген. Бир нече убакыттан кийин ИИМ Бейшеналиевди кармоо операциясы экени айтылган видео таратты. Кадрдан министрге түспөлдөш адамды кантип кармашканын көрүүгө болот.

Бейшеналиев жана анын жакындары, жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Алмазбек Бейшеналиев бул кызматка ушул жылдын февраль айында кайрадан дайындалган. Ага чейин, 2021-жылдын июнь айынан тартып Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеген.

Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган.

Бейшеналиев экинчи ирээт министр болуп турганда билим берүү тармагында реформа жүргүзүүнү убада кылган. Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директорун алмаштыруу, жогорку окуу жайларды бириктирүү сыяктуу процесттер башталган.

Билим берүү жана илим министрлиги жана Бейшеналиев тараптан комментарий боло элек.

Президент Садыр Жапаров Алмазбек Бейшеналиев кармалган жагдай тууралуу кабардар экенин анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдаган. Бул ишти ар тараптуу иликтөө камсыз кылынары айтылды.

Парламенттин депутаттары билим берүү министри кармалганына нааразы болушту. Депутат Эмил Токтошев Алмазбек Бейшеналиевдин пара алганынан күмөн санарын билдирди. Ал эми Жанар Акаев видеонун коомчулукка таратылганын сындап, аны «шоу» деп атады. 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*